Menu

Сыймык Жапыкеев, экс-прокурор: “Сыдымандын акмакчылыгы үчүн түштүктүк кыргыз туугандарыман мен кечирим сурайм”

Бөлүшүү:

Экс-прокурор Сыймык Жапыкеев аймак аралык кастыкты козутууга шектелип, эки айга камакка алынган блогер Сыдыман тууралуу төмөндөгүдөй пост жазган.

“Достор, Сыдыманды тааныбайм, билчү эмесмин, бирок айтпай коюш болбоду, бул акылы токтой элек жаш бала экен, кечиримдүү бололукчу. Мен ал баланы жактабайм, адвокаты да болбойм. Туура эмес келжиреди, бирок биз бою 195 болгон, балабызды сындырбайлычы, жаш бала түрмөдөн сынып калат. Баш алган бат эле. Географиясы менен ТҮШТҮКтүк болгон кыргыз туугандарымдан кечирим сурайм, лично мен кечирим сурайм. Болгон, шылдыңдаган туура эмес.

Урматтуу тергөө органдары, Башкы прокурор Өткүрбек Джамшитович, Сизге кайрылабыз, Сыдыманды жаштыгы үчүн кечирип, камактан чыгарып, чоон эскертүү менен ишти жабыңыз, Эл ыраазы болмок. Сураныч!!!

Акылы токтой элек, жигитти сындырбайлы. Түрмөнү андан көрө Коррупцияга баткандарды камайлы”- деген экс-прокурор.

Белгилей кетсек, ал 17-февралда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган. 19-февралда Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен блогер Элмир Сыдыманов эки айга камалган.

Эсиңиздерге сала кетсек, блогер Сыдыман өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына түз эфирге чыгып, анда кээ бир облустардын тургундарына карата жаман сөздөрдү айтып, ашата сөгүп, пас сөздөрдү айткан. Кийинчерээк анын видеосуна эл реакция кылгандан кийин, видеокайрылуу аркылуу элден кечирим сураган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: