Menu

Атамбаевдин 5 тарапташы тергөө менен кызматташуу келишимин түзгөн

Бөлүшүү:

2019-жылы 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Айыпталуучулардын ичинен бешөөнүн кылмыш иши өзүнчө каралып жатат. Анткени алар тергөө менен кызматташуу каалоосу бар экенин билдиришкен. Бирок, Башкыпрокуратура алардын аты-жөнүн айткан эмес.

Журналисттердин өздүк булактарынан кимдер тергөө менен кызматташууга барганы анык болгон.

Элдик штабдын мурдагы жетекчиси Кыяз Смаилов, “Дан” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Алга Кылычев жана элдик штабдын мүчөсү Амантур Жамгырчиев тергөө менен кызматташууга барышкан. Учурда алар үй камагында.

Кой-Таш окуяларынан кийин Атамбаевдин тарапташтары элдик штабдын мүчөсү Залкар Бакировдун жоголонун айтып чыгышкан. Андан кийин аны укук коргоо органдары кармап, №50 ТИЗОго камакка алганы белгилүү болгон. Ал дагы тергөө менен келишим түзгөн.

Ошондой эле Атамбаевдин дагы бир тарапташы – Азирет Кулалиев тергөө менен кызматташуу келишимине кол койгон.

Кой-Таштагы окуя боюнча ИИМ Жазык кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Атамбаевге жана анын тарапташтарына: “бийликти күч менен басып алууга аракет”, “кылмышты уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу – мамлекетке шарт коюу менен кишилерди барымтага алуу”, “массалык башаламандыкты уюштуруу, атайын топ менен сүйлөшүп алып, курал-жарак менен ок-дарыларды тартып алууну уюштуруу”,  “күч органдарына карата өмүрүнө коркунуч туудурган абалды түзүү”, “тергөөчүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып, сотко чейинки өндүрүштү алып барууга каршы туруу”, “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуп, өмүрлөрү менен ден-соолуктарына коркунуч туудуруу”,  “киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып коюлууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: