Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-россия мамилелеринин өнүгүүсүнүн актуалдуу багыттары менен келечегин талкуулашты.

Россия Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президентин жылуу кабыл алып, бүгүн эки мамлекеттин башчылары 2019-жылы макулдашылган Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылын Москвада салтанаттуу түрдө ача тургандыгын канааттануу менен белгиледи.

Ал Эриш-аркак жылынын алкагында мерчемделген 200дөн ашуун иш-чаралар дээрлик бардык багыттар боюнча өнүгүп келе жаткан эки тараптуу мамилелерге пайда алып келерине ишенимин билдирди.

Владимир Путин товар жүгүртүүнүн көлөмү, инвестициялар боюнча Россия Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин билдирип, өлкөлөр ортосундагы ырааттуу жолугушуулар жогорку деңгээлде экендигин өзгөчө белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу кыйла активдешкенине токтолду.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жана региондор ортосундагы түз байланыштардын жакшырганын канааттануу менен белгиледи. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык маселелери боюнча Владимир Путиндин жеке колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, Кыргызстан кылымдардан бери келаткан тарыхый достук мамилелерди жогору баалай тургандыгын айтты.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Эриш-аркак жылынын алкагында өз ара мамилелердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрүндө бир топ иш-чаралар ишке ашырыла турганын билдирди.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоонун алкагында биргелешкен ири иш-чараларды өткөрүүгө чоң көңүл бурула тургандыгын белгиледи. Тараптар эки өлкөнүн биргеликте кызматташуусун мындан ары дагы арбытууга жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: