Бүгүн, 28-февралда “Бир Бол” саясий партиясынын Ош аймактык конференциясы болду. Анын жүрүшүндө 2020-жылдын 12-апрелинде өтө турган Ош шаардык кеңешине болгон шайлоого “Бир Бол” саясий партиясынан катыша турган талапкерлердин тизмеси бекитилди.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана эл өкүлү Дүйшөн Төрөкулов катышты. Ошондой эле Ош шаардык кеңешинин “Бир Бол” фракциясынын депутаттары жана 200гө жакын делегат келди.
Делегаттар Ош шаардык кеңешине болгон шайлоого аттанып жаткан 70 талапкердин тизмесин бир добуштан колдошту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ