Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына карата жарыяланган логотиптин эскизин тандап алуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 4-март күнү билдирди.
Жеңүүчү болуп, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жамурзаев Жаныш Бакировичтин эмгеги тандалды.
Тандалып алынган логотип, мындан апрель революциясына арналган расмий иш- чараларда колдонулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ