Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелип 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, 27-февралда Бишкектеги ооруканалардын бирине Сокулук районунун 58 жаштагы М.А. аттуу тургуну түшүп, кийинчерээк ал каза болгон. Бул тууралуу маалыматты милициянын нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан кабарлашкан.
Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 52 жаштагы тургуну М.Д. аттуу тургуну кармалган. Ал каза болгон жарандын бир тууган иниси экени маалым болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон күнү бир туугандар спирттик ичимдик ичишкен. Алар кайым айтыша кетип, бир туугандар мушташа кетишкен. Жыйынтыгында иниси агасын бычак менен сайып жиберген. Жарадар болгон агасы ооруканага жеткирилип, бирок ал жактан эс-учуна келбей каза болгон.
Учурда кылмышка шектүү жаран камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ