Бишкекте адам өлүмүнө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызмты бүгүн, 6-март күнү билдирди.
Такталганда, өткөн апта, 1-мартта болжол менен саат 08:44тө милицияга “Арча-Башик” жаңы конушунда белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери болгону жана баш сөөгүнөн жаракат алганы белгилүү болгон.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Каза болгон адам 43 жаштагы О.Н. аттуу жаран болгон. Аталган кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Т.Ж. аттуу жаран кармалган. Ленин райондук соттун чечими менен шектүү Бишкектеги убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ