Menu

Видео – Замирбек Көчөрбаев: “8-март “Өчпөс оттун” алдындагы Феминисттердин жүрүшү мага кыргыз жыттанган жок”

Бөлүшүү:

“Кырк чоро” уюмунун мурдагы төрагасы Замирбек Көчөрбаевди редакцияга чакырып, 8-мартта башталбай жатып, таратылган феминисттердин маршы тууралуу маек курдук. Ал феминисттердин жүрүшүндө кыргыздар жок болгонун, көпчүлүгү чет өлкөдөн келгенин айтты. Ал Жогорку Кеңештин депутаттары мындай акцияларга мыйзам талаасын түзүп бергенин белгиледи.

“Кыздын сыры төркүнүнө маалым дегендей, мурдагы президент депутаттарды “чимкириктер” деп туура эле айткан. Анткени, ал президент 2015-жылы тизмесин түзгөн да. Кимдер келгенин билет беш колдой. Мурдагы президент буларга “чимкириктер” деп соонун баа берип койгон. Анан ошондой адамдардан кандай жакшы сөз чыкмак эле? Алардан жакшы сөз чыкпайт” – деди Замирбек мырза.

Ал 2017-жылы депутаттар 5 кодексти талкуулашпай, “оптом” кабыл алып коюшканын айтып, кабыл алынган мыйзамдар элге күч келтирип жатканын белгиледи.

Күн мурун депутат Алтынбек Сулайманов видеокайрылуу жасап, “Кырк чоронун” жигиттерин бетме-бет сүйлөшүүгө чакырган. Буга Замирбек мырза видеодо “Кырк чоронун” балдарына айтылбаптыр, маскачандарга айтыптыр, алар биздин балдар эмес деп жооп берди.

“Алтынбек Сулайманов ошол феминисттик аракеттерди колдогондой мамиле кылып жатат. Ал жерде мага кыргыз жыттанган жок. Көбү чет өлкөдөн келген. Сырттан келип алып, кыргыздын кыздары, кыргыздын энелери деп таңуулап жатат. Кыргыздын кыздары мындай ыпылас нерселерге барбайт. Алтынбек Сулайманов балдарды кемсинтпей, тескерисинче ортодо позициясын карманса болмок. Бул нерсе шайлоонун астында эле өзүн көрсөтүү, Ош базарына барып манты жегендей эле болду” – деген оюн билдирди.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: