Menu

Республикалык штаб жарандарды маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектей турууну сунуштайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Короновирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу  жана  жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө 104 өлкөдө коронавирустун чыкканы аныкталды. Вирус 109 миңден ашык адамга жуккан.

Жыйында 10-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталбаганы, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экени айтылды.

Республикалык штаб коронавирус инфекциясын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында жакынкы арада көп сандагы адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөй турууну катуу эскертет.

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигинин бардык профилактикалык чаралары жана сунуштары баарынан биринчи жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана саламаттыгын сактоого багытталганын белгилешти.

Штабдын мүчөлөрү бардык жарандарды эстүүлүктү көрсөтүп, медицина кызматкерлеринин жана Республикалык штабдын сунуштарын, ошондой эле өздүк гигиена эрежелерин толук аткарууга жана балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Медицина кызматкерлери, чек арачылар жана башка кызматтардын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууда. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүп, байкоо салууда.

Жыйындын катышуучуларына Бишкекке келген Diamond Princess саякат кемесиндеги Кыргыз Республикасынын жаранынан коронавируска анализ алынып, ал таза чыкканы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Стамбулдан дене табы көтөрүлүп келген кыргызстандыктан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан анализ алынган. Анда коронавирустун белгилери чыккан эмес.   Иш-аракеттердин алгоритмине ылайык, бул жарандар 14 күндүк карантинге алынат, анын 13чү күнүндө алардан кайра анализ алынат.

Жыйындын катышуучуларына буга чейин пландалган билим берүү сынактары, мектеп олимпиадалары жана башка иш-чаралар кийинки мөөнөткө жылдырылганы тууралуу маалымат айтылды.

Бишкек шаардык мэриянын өкүлү жугуштуу оорулардын, анын ичинде коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында адистер коомдук транспортторду (маршруттук таксилер, автобустар, троллейбустар) дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүлүп, ушундай эле жумуштар соода түйүндөрүндө дагы жасалып жатканын айтты. Муну менен катар коомдук тамактануучу жайлар да көзөмөлдө.

Ал ошондой эле билдиргендей, соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларынын жетекчилерин келгендердин ден соолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жана келгендерди жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо зарылдыгы тууралуу иштер жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрацияларга жергиликтүү деңгээлдеги бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдө дезинфекциялоону уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды.

Штабдын мүчөлөрү айрым жарандарга Кыргыз Республикасында коронавирус бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү менен элди дүрбөтпөөнү эскертип, социалдык түйүндөрдө жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого, мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: