Menu

Дастан Бекешов коронавируска байланыштуу чет өлкөдөгү иш сапарлардан келген депутаттарды карантинге алууну сунуштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-март күнү депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында коронавируска байланыштуу чет өлкөдөгү иш сапарлардан келген депутаттарды карантинге алууну сунуштады билдирди.

“Дүйнөнүн 112 мамлекетинде коронавирус катталды. Франция, Германия, Иран ж.б. өлкөлөрдүн депутаттары бири-бирине жугузуп жүрүшөт. Биздин депутаттар ага карабастан иш сапарга чыгып жатышат. Дастан Артисбекович, сиз буга тыюу салбайсызбы. Кээ бири Германияда жүрөт, ал жакта миңден ашык киши коронавирус менен ооруп жатат. Экскурсияны дагы токтоттук. Иш сапарларды дагы токтолучу” – деп сунуштады депутат Дастан Бекешов.

Төрага Дастан Жумабеков коронавируска байланыштуу республикалык штаб иш алып барып жатканын, Жогорку Кеңешке болгон экскурсиялар убактылуу токтотулганын билдирди.

“Азыр Жогорку Кеңешке чектөө киргизип жатабыз. Сырттан келген конокторду кабыл алчубуз, иш-чараларды өткөрчүбүз, айылдык кеңештин депутаттарын, студенттерди, мектеп окуучуларын кабыл алчубуз. Мунун бардыгын убактылуу токтоттук. Бардыгы көзөмөлгө алынып жатат” – деп билдирди Дастан Жумабеков.

Төрага депутаттарды иш сапарларын токтотууга депутаттар менен сүйлөшүлүп жатканын, өздөрүнүн демилгеси менен, мамлекеттик эмес уюмдардын демилгеси менен чыккан депутаттарга эскертүү берилерин кошумчалады.

“Иш сапардан келген депутаттарга өкмөт чыгарган токтомдун негизинде иш-чаралар болот” – деди төрага.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: