Menu

Кой-Таш окуясы: Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш даярдаганбы?

Бөлүшүү:

Кой-Таштагы 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча тергеп-тескөө иштери аяктап, күнөөкөр катары эсептелгендерге айыптоо корутундулары угузулуп, ар биринин конкреттүү күнөөсүнө жараша баа берүү үчүн материалдар Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилип, алдын-ала соттук угуулар да башталды.

Кой-Таштагы кылмыштар боюнча материалдар 88 том, айыптоо корутундусунун өзү эле 500 барактай. Ал окуялар боюнча түздөн-түз мурдагы президент А.Атамбаев баш болгон 14 адам айыпталса, тергөө иштери менен кызматташкан үчөөсүнүн иштери өзүнчө бөлүнүп, бөлөк каралганы жатат. Адистер тергөө менен кызматташкандарга катаал жазалар колдонулбайт, алардын айрымдары шарттуу кесилиши же айып пулдар менен эле кутулуп кетиши мүмкүн дешет.

Ал эми калгандары кандай күнөөлөр менен айыпталып жатышат? Аларга кандай жазалар колдонулушу мүмкүн?

Кой-Таштагы окуялар боюнча айыпталып жаткандардын аты-жөндөрү кайталана берип, көпчүлүктүн көңүлдөрүнө сиңип деле калды. Бирок, кайталоо-билимдин атасы дегендей, дагы бир жолу эске сала кетсек ашыкча болбойт. Анда аттарын атасак, Кой-Таштагы 7-8-августтагы кандуу окуялар боюнча айыпталып жаткандар: мурдагы президент А. Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушина, Асел Кодуранова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, КСДПнын активдүү мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев, Кой-Таштагы окуялардын активдүү катышуучулары Фархад Баабиев, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Марат Шаменов, Норузбек Капарбек, Амангелди Кекебаевдер.

Тергөө менен кызматташкандыктары үчүн КСДПнын штабынын активдүү мүчөлөрү Алга Кылычевдин, Кыясбек Смаиловдун, Амантур Жамгырчиевдин кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

АШАга кандай айыптар коюлууда?

Эгерде Атамбаевге коюлган айыптардын бардыгын потенциалдуу реалдуу жазалары менен максималдуу чекте эсептесе, оңой эле элүү жылдан ашып кетет. Ага: 1) бийликти күч менен басып алууга аракеттенгендиги, 2) бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүп, курал аркылуу зомбулук көрсөтүү, өрттөө, кыйратуу мүлктөрдү жок кылуу менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, 3) мамлекетти бир ишке барууга же бардырбоо максатында адамдарды барымтага алгандыгы, 4) топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, адамды атайылап өлтүргөндүгү, 5) кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн эки жана андан ашык адамды өлтүрүүгө аракеттенгендиги, 6) ок атуучу куралды жана ок дарыларды мыйзамсыз сатып алгандыгы жана сактагандыгы, 7) кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн бийлик өкүлдөрүнө каршылыктарды уюштургандыгы, 8) тергөөчүнүн соттук иштерге чейинки иш аракеттерине тоскоолдук кылгандыгы, 9) сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзгөн кызматкерге каршы күч колдонгондугу, 10) алдын ала сүйлөшүлгөн топ менен ок атуучу куралдарды жана окторду уурдоону уюштургандыгы үчүн айыптар коюлууда.

Тергөө аныктагандарга ылайык, 7-августга АША хан сарайынын 3-кабатындагы бункерине бекинип алып, “Альфачыларды” Драгунов винтовкасы менен аткылап турган. Аны кантип колдонуу керектигин жанындагы Канат Сагымбаев көрсөткөн. Же ал өзүнүн бирге иштеген кесиптештерин кантип аткылоо керектигин АШАга үйрөтүп турган. АША аткан октордон полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болду, төртөөсү оор жарадар болушту. АША ал винтовканы 2007-жылы мыйзамсыз сатып алып, ошондон бери тийиштүү документтери жок мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталган.

Булардын арасында бир да жеңил деп айтарлык берене жок. Же Атамбаев тергөөчүлөр тарабынан мамлекеттик деңгээлдеги өтө коркунучтуу рецидивист катары айыпталууда. Заңза күндөрдү, мыйзамдуулукту айтпай эле коёлу, өзүн инсан катары сыйлагандын деле АША менен бир катарда болуусу, өзгөчө аны актап, жактоого аракеттенүүсү адеп-ахлактык принциптин, коомчулуктун алдындагы аябагандай чоң күнөө болуп саналат. Адвокаттар аны актап, жактай беришсин, алардын иши ошол, ал үчүн акча алышат, бирок жөнөкөй адамдардын айрымдарынын ушундай жөнөкөй нерсени алигече түшүнбөй жатышкандары өкүндүрөт.

Соттук кароолорду алдын ала угуу иштеринде АША таптакыр сүйлөбөй койду. Мындан ары да сүйлөшү, суроолорго жооп бериши күмөн. Ага жактоочулары, тарапкерлери ошону үйрөтүшкөнү шексиз. Андай позициянын пайдалуулугун өзү да жакшы билет. Анткени, АША ооз ачса эле ойду-тоону оттоп барып, өзүнүн күнөөлөрүн өзү чукуп, биз билбегендерди да ачыкка чыгарып салганы турат. Бирок, ал сүйлөбөгөн менен деле мурдагы тилектештеринин ага каршы берген көрсөтмөлөрү, трассалогиялык, баллистикалык экспертизанын материалдары, чогултулган аудио, видеоматериалдар аны адекваттуу жазалаганга жетишет.

АШАчылар мамлекеттик төңкөрүштү пландаштырышкан

Ошол окуяларга түздөн түз катышкандардын көрсөтмөлөрүнө караганда, АШАда өткөн жылдын июнунда эле мамлекеттик төңкөрүш аркылуу бийликти күч менен басып алуу планы болгон экен. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схеманын фигуранттары камалып, алардын кайра тынч жол менен чыкпасына көзү жеткенден тартып, АША укуктун укуругу өзүнө жакындап калганын түшүнүп, андан мамлекеттик төңкөрүш аркылуу кутулууну пландаштырганга өтөт. Ал бул темада Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев, Равшан Жээнбеков, Алга Кылычев, Мээрбек Мискенбаев менен акылдашып, өзүнчө план түзө баштайт. Атүгүл алдын ала мамлекеттик төңкөрүштөн кийин кимдин кайсыл кызматтарга бара тургандыгын да бөлүштүрүшөт. Баарын айтып отурбайлы, алардын максаттары ишке ашса, Р.Жээнбековго премьер-министрлик, Ирина Карамушкинага билим берүү министрлиги, Асел Кодурановага социалдык блоктогу вицелик, Канат Сагынбаевге УКМК, Кундуз Жолдубаевага КТРК тиймек экен. Алардын бул багыттагы планы июлдун башталышында биротоло чечилет. 3-июлда “Форумдун” алдына 8-10 миң адамды чогултушуп, анан аларды куралдандырып, адегенде УКМКны басып алып, анда камакта отургандарды чыгарганга, анан Ички иштер министрлигин, Жогорку Кеңешти басып алып, парламент аркылуу АША убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп шайланып, анан Жогорку Кеңешти таркатып жиберип, парламентке, президентке шайлоолорду жарыялашмакка макулдашышат. Бирок, 3-июлда 300дөй гана адам чогулгандыктан мамлекеттик төңкөрүштү 4-сентябрга калтырышат.

Тергөөчүлөр бир нече ирет чакырса келбегендигине байланыштуу 7-августта алар АШАны күч менен алып келүүгө санкция беришет. Бирок, АША ага да баш ийбей куралдуу каршылык көрсөтүп, анын натыйжасында 1 офицер өлүп, 40 “Альфачы” ар кандай жаракаттарга учурап, АШАчылар ал жерден 14 автоматты 1680 патрону, 15 тапанчаны 435 патрону, помпалык 18 мылтыкты тартып алып, 6 адамды барымтага алышкандан кийин АШАнын планы кескин өзгөрөт. Ал тарапкерлерине 8-августга кечки саат 4тө “Форумдун” жанына чогулуп, ал жерден жогоруда айтылган мамлекеттик органдарды басып алууга жөнөөгө команда берет. Бирок, укук коргоо органдары өз милдеттерин мыкты аткаргандан улам ал планы да ишке ашпай калганда 8-август күнү кечинде колго түшкөнгө аргасыз болот. Бирок, ошол кунү АШАнын тарапкерлеринин бир тобу Ала-Тоо аянтын көздөй жөнөшүп, көздөрүнө көрүнгөндөрдү талкалап, андай иштерин Бишкектен куулганда да улантышып, жалпысынан мамлекетке, элге 16 миллион 150 миң сомдон ашык зыян келтиришкен. Эми мына ошолордун баардыгы үчүн жооп бергенге кезек келди.

Атамбаевден башкаларына кандай күнөөлөр коюлууда?

АШАдан кийинки эң оор беренелер менен айыпталгандар Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев болуп саналышат. Мында К.Сагымбаев адам өлтүргөнгө жана өлтүрүүгө аракеттенгенге көмөктөшкөндүгү үчүн да айыпталса, калгандарына мындагылардан башка АШАга коюлган: бийликти күч менен басып алууга аракеттенгендиги, бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүп, курал аркылуу зомбулук көрсөтүү, өрттөө, кыйратуу мүлктөрдү жок кылуу менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, мамлекетти бир ишке барууга же бардырбоо максатында адамдарды барымтага, кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн бийлик өкүлдөрүнө каршылыктарды уюштургандыгы, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзгөн кызматкерге каршы күч колдонгондугу, алдын ала сүйлөшүлгөн топ менен ок атуучу куралдарды жана окторду уурдоону уюштургандыгы үчүн – деген айыптар коюлууда. Анын ичинде куралды жана окторду мыйзамсыз сатып алып, аларды мыйзамсыз сактаган деген гана жок. Анткени, АШАдан башкалардын куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алгандыгы аныкталган эмес. Мына ошондой оор күнөөлөр коюлуп жаткандыгына карабастан Р.Жээнбеков СИЗОдо жатып алып, мыйзамдуулук, демократия, адам укуктары тууралуу акыл үйрөтүп жатса, эки айымдын мамлекеттеги эң башкы имаратта эл өкүлдөрү болуп жүрүшкөндүгү коомчулуктун кыжырын келтирүүдө. Анткени, жогорудагыдай беренелер менен айыпталгандардын мыйзам чыгаруу иштерине катышмак түгүл, парламентке киргенге моралдык укуктары жок. Нормалдуу мамлекетте адамдарды барымтага алып, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга катыштыгы барлардын мамлекет башчысы, спикер менен бир имаратта министрлердин, ведомстволордун башчыларынын жоопкерчиликтерин сурап, мыйзамдардын долбоорлорун талкуулап, кабыл алганга катышып отурганын элестетип болобу?

Эгерде оор айып коюлса, бизде министрлер гана эмес, премьер-министрдин да убактылуу кызматтан четтетилген учурлары болгон. Премьер-министр мамлекеттеги экономикалык, социалдык жоопкерчиликтердин баарын өзүнө алган үчүнчү кызмат адамы болсо, ал эми депутат 120 эл өкүлүнүн бири. Эмне үчүн өздөрүн компрометация кылган, оор беренелер менен айыпталган эл өкүлдөрүн атайын комиссиянын жыйынтыгы, парламенттин чечими менен убактылуу кызматтан четтетип туруунун механизми каралган эмес? Демократиялык өлкөлөрдө адамды барымтага алганга катышуу аябагандай оор кылмыш деп эсептелет. Биздин мыйзамдарда деле ошондой. Анда эмнеге аларга депутат кылмыш кылган жерде кармалса, ага кол тийбестик таркатылбайт деген берене колдонулбай жатат? Алар өз күнөөлөрүн моюндарына алып, эл алдында кечирим сурагандын ордуна саясый туруктуулукту чайпалтууга гана аракет кылып келатышпайбы!

Эмнеси болсо да Кой-Таштагы өткөн жылдын 7-8-августундагы кандуу окуяларга укуктук баа берүүнүн алгачкы процедуралары башталды. Айыпталгандардын ар бири ким экендиктерине карабастан өз жазаларын алышы керек. Ал соттук кароо элди өзгөчө кызыктырып, айрымдарда ашыкча ажиотаждарды пайда кылып жаткандыгына байланыштуу аны башынан аягына чейин ачык өткөрүшсө абдан жакшы болмок. Билишибизче, анда элден, сырттагылардан жашыргыдай мамлекеттик сыр деле жок. Дегинкисинде, ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштө, чектен чыккан уголовщинада кандай мамлекеттик сыр болмок эле?

Автандил Белеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: