Menu

Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус илдетине чалдыкты

Бөлүшүү:

Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Надин Доррис коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул маалымат боюнча ал өзү билдирген деп жазышат чет элдик басылмалар.

Надин Доррис жасаган билдирүүсүндө бардык адамдар менен болгон байланышын убактылуу токтотуп, азыркы учурда үй шартында карантинде экенин, абалы  жакшы болуп  калганын айткан.

Надин Дорристин коронавируска кабылганы белгилүү болгонго чейин, ал парламенттик жыйындарда болуп, бир катар аткаминерлер менен жолугушканын, өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон менен кол алышып учурашканын Британиянын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Учурда Улуу Британияда 382 адам коронавирус менен жабыркап, 6 адам каза болду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: