Menu

Кутумчулардын күткөндөрү таш каап, ыңдылары өчкөндө… 2-марттагы митингдин жыйынтыктары жөнүндө

Бөлүшүү:

Той да болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, оппозициячылдардын жыл башынан бери жарнамалап келаткан 2-марттагы митинги да болуп өттү. Митинг жөнүндө окуянын эртеси ө3 пикирибизди жазганбыз, бирок ал талданып, териштирилип бүтө элкте, айрым ашкере бейбаштык кылгандар кармала электе жазылган мемен ал тууралуу материалдардын бардыгы маалымдалып, байкоочулар жана тийиштүү органдар тарабынан жыйынтыктары чыгарылгандан кийинкинин, албетте, айрымасы чоң болору айтпаса түшүнүктүү дел ойлойбуз. Биз 2-марттагы митингге байланыштуу айрым маалыматтарды Акүйдүн батыш тарабындагы эшигине келип алышып, кирген-чыккандарды жакалашып, айрымдарын ургулушкан аялдардын жоруктарындай эле кийинчерэзк билдик. Биздин колубуздагы материалдарга ылайык, 2-марттагы митинг сыртынан Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылгандардын жыйынындай көрүнгөн менен анын чыныгы максаты таптакыр башкача болгон экен, Ал кандай максат?

Бийлики басып алууну каалагандардын максаттары ишке ашкан жок

Митингге бир күн калганда абакта жаткан Садыр Жапаров адвокаты аркылуу митингди өткөрүүгө каршылыгы, анткени аны айрым провокаторлор башкача максаттарда пайдаланып кетиши мүмкүн экендиги жөнүндө билдирүү таркаткан. Аны убагында Жапаровдун чын дилинен чыккан пикир катары кабылдасак, азыр серепчилер, тийиштүү адистер жөн эле анткорлук катары сыпатташууда. Чын эле ал 2-марттагы митингге каршы болсо, эмне үчүн тарапташтары Бишкекке чогулуп, Ала-Тоо аянтына чыгышканы калганда эмес, андан бир-эки жума мурда билдирүү жасап, алар ордуларынан козголо электе тыйып койбогон? Көрсө, ал өзүнө тийиштүү каналдар аркылуу 2-мартта Акүйдү басып алууга аракеттер болорун алдын ала билип, кокус ал аракет оңунан чыкпай калса, “мен ага мурдатан эле каршы болгом” деп айтуу үчүн гана бир күн калганда билдирүү таркаткан тура. Аны, албетте, митингге модераторлук кылгандар да эң сонун билишкен. Ошон үчүн бири жалгандан чогулгандарды таркап кетүүгө чакырса, экинчиси абал курчуп баратканда президиумдан жылып түшүп, далдаа жерге бекинип калган. Бирок, анын эс дарты эгерде Акүйгө ат койгондор аны басып алышса, жетинчи кабаттагы эң башкы кабинетке биринчи болуп жетип, өзүн мамлекет башчысы деп жарыялап жибергенге даяр турган. Эгерде митингдин жетекчилери тынч жыйын өткөрүп, талаптарды коюп, таркап кетүүнү гана максат кылышса, өздөрүнөн дружинниктерди уюштуруп, сырттан келгендердин бирин да киргизишмек эмес.

2-марттагы митингде акчалар да таркатылганы, арак-шараптар да керегинче куюлганы эми сүрөттөрү менен далилденип жатат. Андай көрүнүштөрдөн улам митинг биротоло көзөмөлдөн чыгып кеткендигин бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын активисттери да ырасташууда. Маселен, “Кылым шамы” борборунун жетекчиси Г.Абдырасулова “Фергана.Руга” берген маегинде митингдин бюджети болгондугун, алардын арасында мастар толуп жүргөндүгүн, алдын ала ОБОНчулардын (“отдряд баб особого назначения”) авангарддык отряддары даярдалгандыгын ачык айтты.

Бул жагынан алганда 2-марттагы митинг дүйнөлүк коомчулуктун алдында өзүн толук жаманатты кылды, айрымдар ойлогондой жазгы саясый температураны чыңалтуучу ролду аткарбай эле, тескерисинче аны бир канча градуска төмөн түшүрүп, алакандарын ушалап кыпылдап отурган кутумдардын маанайларын түшүрүп, ыңдыларын өчүрүп салды. Уюштуруп, даярдоочулары тынч, конструктивдүү өткөрүүгө убада беришип, жоопкерчиликтерин өздөрүнө алышкандарына карабастан 2-мартгагы митинг бийликти басып алуу аракеттери, башаламандыктар менен аяктаган соң, анын үстүнө айрым мамлекеттерде коронавирустун айынан мектептердеги окуулар токтотулуп жаткандыгына байланыштуу бийлик ал илдеттин коркунучу жоюлмайынча Кыргызстанда эл көп чогулган массалык иш-чараларга чектөө киргизгендиги эң туура болду.

Аутсайдерлер алакандарын укалашып сүйүнүп турушту эле…

Садыр Жапаров, анын тарапкерлери кандай митингдерди, пикеттерди уюштурушпасын алардын баары жаңжалдар, башаламандыктар, акыр аягында кармоолор жана камоолор менен гана аяктайт. Саруу айылындагы, Караколдогу, Горький сквериндеги митингдери, 2017-жылы Кипрден келип, Кыргызстанга киргени да ошондой аяктаган. Анткени, ал жана анын жакындары бирөөлөрдүн сөздөрүнө, убадаларына тез ишенген алды-арттарын жакшылап карабаган аябагандай алабармандардан окшойт. Аны Садыр Жапаровдун куйругундагы калбыры менен эч жерге батпай жүргөн саясатчынын тилине кирип, Кипрден келип, түз эле түрмөгө өзү түшүп бергендиги да ырастайт. Болбосо, алар митингге жетекчилик кылгандардын айрымдары Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу үчүн эмес, өздөрүнүн жекече ич күптүлөрүн чыгаруу үчүн гана жүрүшкөндүгүн, алардын чыныгы максаттары таптакыр башка экендигин, алар бийликке радикалдуу талаптарды коюп, омуроолой беришсе, С.Жапаровдун абалын жеңилдетпей эле оордотконго гана түрткү болушарын кантип байкашкан эмес? Анткени, эч кандай легитимдүү бийлик ультиматумга көнбөстүгүн бала деле билет. Көптөн бери чоң кызматтардан көздөрү өтүп, жер сабап жүргөндөр, коррупциялык чоң кылмыштар боюнча айыпталгандардын табакташтары, жакындары алардын араларына кирип алып, митингди таптакыр башка нукка бурганга аракет кылышары, кылгылыкты кылып салып, анан качып кетип калышса, күнөкөрлөр өздөрү болуп калышары жөнүндө ойлошподу бекен? Митингге чогулган 100, 300 адамды башкарса, кепке, сөзгө ынандырса болот. Ал эми ички бекем иерархиялык түзүмдөрсүз, көзөмөлсүз миңден ашкан адамды көзөмөлдөөгө болбой каларын, ал жөн эле толпа деп аталарын, коом үчүн андан коркунучтуу нерсе жоктугун социалдык психологиядан аздыр-көптүр кабары бар ким болсо деле билет. Башкалар билишпесе да илимдин доктору, профессор, тажрыйбалуу саясатчы Каныбек Осмоналиев кантип баамдабасын? Бирок БШКнын төрагалыгы тийбей калган күйүтүнөн улам анын да реалдуу чындыкты билгиси да, түшүнгүсү да келген жок. Ал ырасын айтсак, мүйүздүү болом деп жүрүп, кулагынан айрылгандай эле болду. Көктөгүнү энсеп баратып көмөлөнүп кетип, бир жаман кафедра да тийбей калды. Төрт-беш жылды мойнуна илип салышса, окутуучулук тийиши да күмөн. Кудай сактасын, биз аны табалаганыбыз жок, бирок ынсаптан кеткен, колундагыга топук кылбаган сөзсүз бир нерсеге учурайт.

Ошентип, айрым атактуу аутсайдерлер, чоң кызматтардан көздөрү өткөндөр ачыктан болбосо да тымызындан өлкөдө саясый абалдын чайпалып кетишин күтүштү, тилешти, айрымдары жардамдашты, бирок бактыга жараша алардын кутум тилектери ишке ашпады. Укук коргоо органдары чектен чыккандарды, саясый абалды дестабилдештирүүгө аракеттенгендерди “Кылым шамынын” лидери туура байкагандай, мыйзам чегинде жаңыдан тутанып келаткан отко суу чачкандай басып коюшту.

АШАчылар да аябай аракет кылышты

2-марттагы митингге каржылык жактан кандай көмөктөшкөндүгүн билбейбиз, албетте, андай нерселер ачык айтылбайт деңизчи, бирок анда ири суммадагы акчалардын таркатылгандыгы көптөгөн суроолорду жаратат, аны адамдык ресурстар, маалыматтык жактан камсыз кылууда АШАчылар аябагандай чоң роль ойношкону эч кимге жашыруун болбой калды. Интернет мейкиндигинде, социалдык тармактарда АША каржылаган ЖМКларда 2-митингге чакырыктар, ар кандай саясый маанидеги апыртып, көбүртүп-жабыртуулар ашыгы менен болгондугу аны ырастап турат. Дмитрий Ложников, Канат Каниметов сыяктуу АШАчыл журналисттер митингди өздөрүнө ылайыктуу ракурстарда чагылдыруу үчүн буттары жерге тийбей жүгүрүп жүрүштү. Айрымдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин башында тургандардын токтоосуз бошотулуусун талап кылган транспаранттарды көтөрүп чыгышты. Митингдин башкаруудан чыгып, агрессивдүү башаламандыкка айланып кетүүсүндө да алардын салымдарын чоң болду. Чындыгында АШАчылардын эңсегендери эле, митингдер, пикеттер. “Алар канчалык көп болсо, бизге ошончолук жакшы. Каржылык, адамдык ресурс, маалыматтык жактан активдүү жардамдашып турсак, кырдаал курчуп барып, биз эңсеген күн келеби?”- деген эле максат.

2-марттагы митингде “Кой-Таш элдик Республикасындагы” жыйындарга активдүү катышып жүргөндөрдүн көбү жүрүштү. Айрымдардын айтымдарында, таштарды да алар чөнтөктөрүнө, сомке, баштыктарына сала келишиптир. Өзүңүздөр билесиздер, Ала-Тоо аянтында брусчаткалардын бирин-экин сыныктары болушу мүмкүн, бирок сайдын тоголок таштары жок. Аларды Жапаровдун тарапкерлери Ысык-Көлдөн ала келишти деп айтуу кыйын, анча алыстан ким таш ташымак эле. Ал АШАнын Кой-Таштагы хан сарайынын айланасында төгүлүп жаткан, Аламүдүн суусунун жээктеринен жыйналгандар гана болушу мүмкүн. Мына ушунун өзү эле бир жагынан митингдин модераторлору бийликти күч менен басып алууну алдын ала пландаштырышса, экинчи жагынан ага АШАчылар да аябагандай кызыкдар болушуп, Ак үйгө атака койгондордун алдында жүрүшкөндүгүн ырастап турбайбы.

Мында кошумчалай кетчү нерсе, андай максаттары ишке ашпай калгандан кийин ичтери күйүп, аалемдери келгендигине чыдай алышпай Ак үйдүн батыш жагындагы эшикке барышып, Жогорку Кеңештин аппаратынын жумуштан чыгып кетип жаткан кызматкерлерин тытмалагандар да Кой-Ташта көп жолу видеолорго түшүп калган аялдардан экен. Эгерде аларды бирөө жарым жооп иретинде катуураак түртүп жиберсе, долуланып, буттары жеткен жерлердин бардыгына арызданышмак. Жөн кетип бараткандарды жакалап маскаралап, каргап-шилеп, какырынып-түкүрүнүп, муштагылагандары, коомдук жайларга, жарандардын мүлктөрүнө зыян келтиришкендиги үчүн алар сөзсүз мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуулары керек. Антпесе митинг, пикет болсо эле, ОБОНчулардын мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди тытып, бейбаштардын көзүнө көрүнгөндөрдү талкалай берүүсү адатка айланып кетет. Зыяндардын бардыгы биринчи кезекте митингдин жоопкерчилигин өздөрүнө алгандардан өндүрүлүүсү зарыл. Бирөөлөрдүн авантюраларынын айынан эмне үчүн күнөөсүз адамдар акчалай жана материалдык зыяндарга учурашы керек? Биринчи кезекте ошол авантюраны баштагандар жооп беришсин. Ал эми конкреттүүлөрдү тийиштүү органдар аныкташканга аракет кылышат, бирок алар аныкталбай калышы да ыктымал. Анда бардык зыяндар митингди уюштургандардын, анын жоопкерчилигин алгандардын эсебинен төлөтүп алынышы керек.

Ошентип 2-марттагы митингди Жапаровдун тарапкерлери гана эмес, 2чи жана 3чү тараптардын, деги эле ич күптүлүүлөрдүн бардыгы өз максаттарына пайдаланууга аракеттеништи. Ачык айтыш керек, бийлик аларга аябагандай гумандуу, либералдуу мамиле кылды. Бирок, алар бийлик менен цивилдүү, конструктивдүү тилде сүйлөшкүсү келбеди. Садыр Жапаров жөн эле дүжүр көрнөккө айланып, Кыргызстандагы Акаевден бери чечилбей келаткан маселелердин баарын чечип берүү жөнүндө максималисттик талаптарды коюшту. Алардын баарын талдап, тастыктап, анан жооп кылганга бийлик үч күн сураса, үч саатта чечип берүүнү талап кылганга өтүштү. Ошондон эле митингчилерде Садыр Жапаровдун бошотулушун каалагандар эмес, чыр-чатактарды чыгарып, саясый абалды дестабилдештирүүгө умтулгандар үстөмдүк кылып кеткендиги байкалды. Алар өздөрүнүн аракеттерине ылайык жоопту алышты, акыркы чекитти сот органдары коюшат. Биздин кааларыбыз, ар кандай жаз, күздү саясый олку-солкулукка айландырып, инвесторлордун баарын качырып, экономиканы артка кетиргиси келгендерге мыйзам чектеринде катаал чараларды көргөнгө эбак мезгил жеткен. Антпесе өнүкпөйбүз. Кыргызстан бир ууч кутумдардын барымтасында калбашы керек.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: