Menu

Лондондо Назарбаевдердин эки хансарайы жана бир батири “Байлыктын келип чыгуу булагы так эмес” делген шек менен камакка алынды

Бөлүшүү:

Өткөн жылы Лондондо “Байлыктын келип чыгуу булагы так эмес” делген шек менен камакка алынган мүлктөр Казакстандын тун президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы менен небересине таандык экени белгилүү болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыгышты. Эми Назарбаевдин кызы жана небереси 100 миллион доллардан ашуун каражат каяктан келгенин Британиянын сотуна далилдеп бериши керек. Бул каражатка Лондондогу бай райондордун биринен батир жана хан сарай сатып алынган. Өткөн жылы жаз айында Лондондун Жогорку Сотунун санкциясы менен белгилүү болгон  жер алдында бассейни жана кинотеатры бар хансарай, андан тышкары дагы бир  эбегейсиз чоң үй  камакка алынган. Бул мүлктөр 100 миллион долларга бааланган болчу. Мүлктүн ээсинин ысымы дагы, улуту да ачык айтылган эмес. Бирок маалыматтарга таянсак бул мүлк Назарбаеванын мурдагы жолдошу Рахат Алиевге түздөн – түз тийешеси бар деп айтылып келингени менен алар 2007-жылы ажырашып кетишкен. Мүлккө 2008- жылы ээлик кылган документтер Назарбаевдин күйөө баласына үйдүн тийешеси жок экенинен кабар берет. Эми бул мүлктүн ээлери Дарига Назарбаева, анын уулу Нурали Алиев жана жубайы Аида экени тастыкталды. Мүлк кайдан жана кайсы акчага алынганы тууралуу жооп азырынча тактала элек. Бул суроолорго так жооп кайтара алышпаса үйдү жана хансарайды аукцион жолу менен сатып, акчасы мамлекетке кайтарылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: