Кесиптик бирликтер федерациясындагы чыр-чатактан улам кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 12-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, саат 09:30да милицияга телефон чалуу түшүп, Профсоюздар үйүндө кишилер арасында жаңжал болуп жатканы айтылган.
Жерине Биринчи май РИИБнин ыечам иликтөө тобу барган. Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов милицияга арыз менен кайрылып, аны жумуш ордуна өткөрбөй койгон белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Арыз КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ