Россиянын Воронеж облусундагы Рамон райондук соту 27 жаштагы кыргызстандык жаранды баңгизат сатууга аракет кылгандыгы үчүн күчөтүлгөн резимде 8 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу, кечээ, 13-мартта Россиянын ММКлары жазып чыкты.
Ошондой эле анын унаасы жана уюлдук телефону конфискацияланды. Сот чечим чыгарып жатып женилдетүүчү жагдай катары кылмышкердин кичинекей баласы жана оорукчан атасын эске алган.
Айыптоонун версиясы боюнча, ал 2019-жылдын март айында Москвадан Сочиге баңгизат ташып бара жаткан жеринен Рамон райондук жол кайгуул кызматы токтоткон. Анын унаасын текшерип жатышканда 2,5 кг бангизат табышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ