Menu

Келиндердин кыжырын келтирген сөздөр

Бөлүшүү:

Кыргыз келиндери бүлө күтүү жагынан тың келишээрин эч ким тана албайт. Үй оокаттары менен кошо ыңгайы келгенде короо иштерин деле «бажарип» коет, каалоосу болсо колунан «иливой» иш келет. Балдарына татыктуу тарбия берип, тууган-урук менен мамилени түптөөдө да келиндердин ролу чоң. Коңшу-колоң менен ымаланы ырастап, күйөөсүнүн кареги менен, кайненесинин кашы менен тең айланып, айтор бардыгына жетишкенге аракет кылат. Бирок алар деле «робот» эмес, бардык тирүү жан сыяктуу ачуусу келет, чарчайт, сезет. Ошондуктан төмөндө келиндердин жинине тийип, кыжырын кайнаткан сөздөрдү сунуштайбыз. Мындайларды уккан келин укса да укмаксан, туйса да туймаксан болуп жүргөндөр арбын экендиги айтпаса да белгилүү эмеспи.

-Келин эмне кылып жүрөт (Кичине көрүнбөй калсаң, эмне кылып басып жүргөнүңдү көзөмөлдөп турат, балким чарчаң, эс алайын деп жата тургандырмын)

-Эртең туугандар келет экен, даярдык кылыш керек (Балким келиндин өз пландары бардыр, муну менен эч кимдин иши жок)

-Жанагы таежең балаңардын туулган күнүнө деп берген акча менен кредитти жабалы ээ?! (Балама кийим алайын деп жатса)

-Шерине беребиз, келин келип жардам берип кетсин, салаттарды жакшы жасайт го (Өзүмө каранайын деп турса)

—Бизге айылдан иним келе жатат. Бир айча жашап турсун чогуу. (Негизи биз жолдошум менен жалгыз калган күн келеби)

—Шаарда эмне оокат кылмак элеңер, айылга келип жашагыла, уй саап, койлорду карап дегендей. (Койлордун бизсиз оокаты өтпөй атыптыр)

Үчүнчү баланы төрөп, үйдө жатканда, баланы көрөйүн деп келген чоң кайын эжеси:

—Ой дагы удаа-удаа төрөп ал, жашсың да азыр

Ошол эле маалда кайнене:

—Кайра-кайра төрөй бербеш керек, заман оор кезде (Бул маселе тууралуу келин эмнени ойлоп жатат, эч ким сурап койбойт) —Түкүнчөнүн келини ушундай шыпылдаган, «сиз» деп турат («Сиз» деп туруп, артынан «жайлап» койгону менен иши жок)

—Менин кызым мындай жасайт, сен тигиндей жасайт экенсиң (Кызын мактаганы түгөнбөйт) —Биздин убакта балдар мындай эмес эле (Азыркы заман башкача экендигин мойнуна алгылары келбейт)

—Кирди колго эле жуу (Кирмашине жууса, мен бош отуруп калатургандай)

Булак: “Мантыш”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: