Menu

22-марттан тарта Алматы шаары «толук жабылат»

Бөлүшүү:

Алматынын бийлиги шаарга кирүүнү же шаардан чыгууну каалагандарга 72 саат убакыт берди. 22-мартка караган түнү калаа толугу менен жабылат. Бул тууралуу Алматы акиминин орун басары Ерлан Кожагапанов билдирди.

Анын айтымында, карантин убагында ички аба жана темир жол каттамдары да толук токтойт. «Азырынча бул тыюунун эл аралык каттамдарга тиешеси жок. Бирок кайсыл бир учурда аларга да чектөө киргизүүгө туура келет. Азыр авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

19-мартта Алматыда коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирди. Мындан улам шаардагы көңүл ачуу жайлары, азык-түлүк сатпаган дүкөндөр, базарлар жана соода үйлөрү убактылуу жабылат. Ошол эле маалда шаарда адамдардын, автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилбейт. Коомдук унаалар адаттагыдай каттамдарга чыгышат.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 36га жетти. Алардын 18и Алматыда, 18и Нур-Султанда катталган.

Казак бийлиги 16-марттан 15-апрелге чейин бүткүл өлкө аймагына өзгөчө абал режимин киргизген. 19-марттан тарта Нур-Султан жана Алматы шаарларында карантин күчүнө кирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: