Баткенде таажывирусту жуктуруп алгандар менен учакта чогуу учуп келген 7 адам аныкталды. Бул тууралуу райондун акими Калан Маркаев бүгүн, 19-мартта журналисттерге билдирген.
Анын айтымы боюнча, алар Баткен районунун тургундары. Кээ бирлери умрадан келгенден кийин “ажы той” беришкен. Ошондуктан алар кимдер менен байланышта болгону такталууда. Учурда умрадан келген 7 адам менен байланышта болгон 230 адам аныкталган.
Райондун акими Сауд Арабиядан келген 7 тургун изоляторго жаткырылганын белгилеген. Алардын үйлөрү дезинфекцияланып, үй-бүлө мүчөлөрү карантинге алынган. Ошондой эле умрадан келген адамдар менен байланышта болгон тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле, ал умрага барып келген 7 тургундан таажывируска анализ алынганын, жыйынтыгы Бишкектен чыгарын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, 18-мартта Кыргызстанда 3 адамдан таажывирус аныкталганы маалым болгон. Үчөө тең Жалал-Абад облусунун Сузак районун тургундары. Алар Сауд Арабияга умрага барып, 12-мартта кайтып келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ