Menu

Алмазбек Орозалиев, ИИМдин орун басары: “Шаардан башка аймакка кетчүлөр болсо бүгүн түнкү саат 12ге чейин кетиши керек”

Бөлүшүү:

Эртең, 25-марттан баштап кечки саат 22:00дөн тартып эртең менен саат 07:00гө чейин борбордо жашагандарга жана шаардын конокторуна көчөдө эркин жүрүшүнө тыюу салынган. Бул өлкө аймагына кирген өзгөчө абал режимине ылайык экендигин бүгүн, 24-мартта ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 12ге чейин Бишкек шаарынан башка аймакка кетчүлөр шашылыш түрдө шаардан чыгып кетүүлөрү керек.

“Эгерде шаардан башка аймакка кетчүлөр болсо, же баш калаа ичинде башка жайга барып жашаш керек болуп жаткандар болсо түнкү саат 12ге чейин кетиши керек.”, – деди Алмазбек Орозалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: