Menu

Аламүдүн районундагы 56 айылга карантин убагындагы эрежелер жана шарттар түшүндүрүлдү

Бөлүшүү:

ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан аймактарда карантин убагындагы эрежелер жана шарттар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-март күнү ИИМдин бардык кызматкерлери Аламүдүн районунун аймагында жергиликтүү жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо боюнча өкмөттүн талаптары түшүндүрүлүп, түнү жана карантин учурунда өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө жөнүндө ата-энелер менен маектешти.

Алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө деталдык-маршруттук планы иштелип чыгып, иш-чарага тартылган өздүк курамга тескемелер өтүлүп, так тапшырмалар берилди.

Иш-чарага 38 патрулдук милиция, милициянын ыйгарым өкүлдөрүнөн-12, өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнөн-16, милициянын кайгуул күзөт кызматынан-12, Чүй ОИИББинен-4, ИИМдин академиясынан-50 кызматкер тартылып, катуу сүйлөөчү түзүлүштөрү менен жабдылган 38 унаа менен 56 айылды кыдырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: