Ош шаарындагы 17 ишкананын кызматкерлери убактылуу иштебейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын аймагында «Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал» режими учурунда өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуучу Ош шаардык мэриясынын аймактык жана түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн тизмеси:
1) Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгы
2) Борбордук базар
3) “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасы
4) Муниципалдык менчик башкармалыгы
5) Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы
6) Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти
7) Мэриянын муниципалдык ипотекалык ишканасы
8) Шаардык борборлоштурулган китепкана
9) Шаардык дене тарбия жана спорт комитети
10) А. Сүйүнбаев атындагы шаардык стадион
11) Мэриянын жаштар иштери боюнча комитет
12) “Боорукердик” үй интернаты
13) Шаардык согуштун жара эмгектин ардагерлер уюму
14) “Сулайман тоо” волейболдук клубу
15) Шаардык мэриянын алдындагы көп тармактуу үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору
16) Жылуулук ишканасы
17) Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ