Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө таажывирустан биринчи каза болгон аял тууралу кошумча маалымат берди.
“Бүгүн ооруканада көрүлгөн интенсивдүү терапияга карабастан Акмола облусунун 64 жаштагы тургуну каза болду.
Өлүмдүн себеби – таажывирус.
Бул бейтап аял Акмола облусунун тургуну катары Нур-Султан шаарында жайгашкан облусттук көп профилдүү ооруканада дарыланып жаткан.
Өлүм Нур-Султан шаарынын аймагында болгондуктан азырынча ушул аймакка катталды. Бирок, эртең бул окуя Акмола облусуна кайра катталат.
Бул тууралу эртең атайын брифингде кошумча түшүндүрмөлөр берилет”, – деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 26-мартта Казакстандын маалымат жана социалдык өнүгүү министри Даурен Абаев өлкөдө таажывирустан биринчи адам каза болгонун жарыялаган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ