Menu

УКМК: Жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар кармалды, бирөөсү “тез жардамдын” кызматкери болуп чыкты

Бөлүшүү:

2020-жылдын 23-мартында КР УКМК ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жарандары 1964-ж.т., Баткен областынын Кызыл-бел айылынын тургуну Мурзакаримова Гульнара Араповна жана 1984-ж.т., Нарын областынын Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жумагулов Эрнист Ишенбаевич аныкталды. Г.Мурзакаримова Баткен областындагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ал эми Э.Жумагулов соцтармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып кое берүүдө деген маалыматты тараткан.
Г.Мурзакаримова жана Э.Жумагулов менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: