Menu

Видео – Ырчылар Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип 1 жаштагы кызынын видеотасмасын жарыялашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-мартта ырчы жубайлар Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын кызы Дария 1 жашка толуп отурат. Ымыркайынын туулган күнү менен апасы куттуктап, инстаграмдагы баракчасына төмөндөгүдөй пост картылган.

“2019-жылы 27-мартта саат 21:оодө биздин жашообуздун маңызы пайда болгон. Жан кызым, биз сени менен бир жыл мурун таанышканбыз. Мен сенин алгачкы дем алганыңды, кыйкырганыңды уккам. Сен көзүңдү ачып мени караганда, мага дүйнө жүзү алмаздар менен жаркырагандай сезилген. Кызым, бүгүн сен 1 жашка толуп жатасың, эң алгачкы майрамың, кичинекей болсо да, бирок өтө маанилүү майрам. Сен биринчи кадам шилтеп, алгачкы сөзүңдү айттың. Сен биз үчүн  бүт дүйнөсүң, сенин жылмаюңдан өткөн эч нерсе жок. Сен ден соолукта, бактылуу болсоң, бул мен үчүн эң башкы сыйлык. Бизди алдыда бүткүл дүйнө күтүп турат, алдыда көптөгөн сюрприздер бар. Туулган күнүң менен, кызым!” – деп жазган.

https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/626910684757668/

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: