Ош шаарындагы дарыгерлерди ташуу үчүн 28 атайын кичи автобустар бөлүнүп, ташуу иштеринин жүрүшү менен вице-мэр Асылбек Топчубаев таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Вице-мэрдин айтымында, шаардагы 8 оорукана жана 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлерин 28 кичи автобустар тейлеп жатат.
“Медицина кызматкерлерин үйүнөн жумашка, жумуштан үйүнө жеткирип туруу боюнча шаар мэри тапшырма берип, кичи автобустарга мэрия тарабынан күйүүчү май берилүүдө. Ал эми айдоочулар өз демилгелери менен кызмат акысын албай жатат. Дарыгерлерди эрте менен жана кечинде ташыйт. Бул иштердин аткарылышы көзөмөлдө”, – деди вице-мэр.
Ош шаарында өзгөчө абал киргизилип, медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ