Бүгүн, 28-мартта онлайн брифингде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты тосмо-бекеттерден өтүү үчүн бериле турган уруксат кагаздары чектелүү экенин билдирди.
Анын айтымы боюнча, жарандардын 90% өткөрмө кагаздарын алуу боюнча кайрылып жатышат.
“Уруксат берүүнү болушунча кыскартуудабыз, анын ичинен алгачкылардан болуп, медиктерге, алардын унааларына жана милиция кызматкерлерине берип жатабыз. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен түз байланышып, кызматкерлерге канчалык деңгээлде өткөрмө кагазы зарыл экендигин карап, анан берип жатабыз”, – деп билдирди Ж.Жоробеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ