Menu

БССУнун акыркы бүтүмү: Таажывирус аба аркылуу жукпайт. Анан кандайча жугат?

Бөлүшүү:

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БССУ) таажывирус боюнча дагы бир талашка чекит койду.

Таажывирус аба аркылуу жукпайт. Мындай бүтүмдү жекшемби күнү, 29-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзүнүн расмий сайты аркылуу жарыялады.

БССУ өзүнүн бул билдирүүсүн ММКларда жана социалдык тармактарда көбүртүп-жабыртып таратылып жаткан: таажывирус оору адамдан соо адамга аба аркылуу жугат деген, башкача айтканда эгер соо адам оору адам баскан-турган жерге барып “жугуштуу абадан” дем алып, жутуп алса таажывирусту жуктурат деген ишендирүүлөргө расмий жооп деп билдирет.

БССУ өзүнүн билдирүүсүндө таажывирус ооруу адамдан соо адамга дем алуу органдарынан бөлүнгөн майда тамчылар (чачыранды шилекей) аркылуу (сыркоонун мурдунан же оозунан  – жөтөлгөндө же чүчкүргөндө) жуга турганын түшүндүрөт. Анда да эгер соо адам сыркоо кишиге өтө жакын – болжол менен бир метр аралыкта турганда.

БССУда оору адамдын вирусу бар шилекей чачырандасы өтө оор болгондуктан абада кармалып тура албасын такташкан. Таажывирус дароо эле жерге же бир нерсенин үстүнө түшөт, бирок абада кармалбайт. Демек эгер соо адам ага чейин бир нече мүнөт же саат мурун сыркоо адам болгон жерден басып өтсө таажывирус жуктуруу алуу мүмкүн эмес.

БССУ дагы деле вирус ташып жүрүүчүдөн 1 метр аралыкта алыста болуу, сыркоо адамдын дем алуу органдарынан бөлүнгөн чачырандылар менен шилекейдин майда бөлүкчөлөрү  тийген нерселерди кармабоо, жакындабоо, колду өтө кылдаттык менен жууп же атайын каражаттар менен дезинфекциялап жүрүү таажывирустун жугушунан коргойт деп белгилейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: