Menu

Космосбек Чолпонбаев: “Орусияда таажывируска каршы иштелип чыккан дары эффективдүүлүгүн көрсөтсө, Кыргыз өлкөсү аны сатып алганга даяр”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-мартта онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  таажывирус илдетине каршы Орусия иштеп чыккан дары эффективдүүлүгүн көрсөтсө, Кыргыз өлкөсү аны сатып алганга даяр экенин айтты.

Анын айтуусу боюнча департаментке бул маселе тууралуу атайын тапшырма берген.

“Орусиялык кесиптештерибиз менен байланыштык. Азыркы тапта алар иштеп чыккан дары менен бейтаптарды дарылап, аны текшерип жатышыптыр. Эгерде дары тажывирусту дарылоодо эффективдүү болсо, биз аны сатып алганга даярбыз”, – деди Чолпонбаев.

Азыркы учурда Кыргызстан боюнча 94 адам таажывирус илдети менен жабыркап жатат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: