Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР Саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин сунуштады.
“Жогорку билимдүү, илимдин доктору. Дарыгер жана саясий менеджмент адистигинин ээси. Эмгек жолун 1981-жылы санитардык эпидемиологиялык станциясында санитардык врач болуп баштаган. 2010-жылы Саламаттыкты сактоо министри болгон. 2 жолу министрдин орун басары болуп иштеген. 2016-жылдан тартып, азыркы учурга чейин республикалык өтө кооптуу жана карантиндик жугуштуу оорулар борборунун директору болуп иштейт. Жалал-Абад, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунда чыккан жарандарыбыздын илдети боюнча активдүү иштерди алып барды. Сабиржан Токтосуновичтин тажрыйбасы азыркы болуп жаткан эң чоң проблеманы чечүүдө чечүүчү ролду ойнойт деп ойлойм. Сиздер да колдоп бересиздер го деген үмүттөбүз” – деп билдирди премьер-министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ