Стамбулда киши колдуу болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити издөөдө жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын(Финансы полициясы) басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө таянсак, Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланган.
Буга чейин Саймаити кыргыз милициясында алдамчылыкка шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталган.
Эске сала кетсек, жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ