Кыргызстанда 23 адам таажывирусунан айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, айыккан жарандын бардыгы Жалал-Абад облусунан, бүгүн алар ооруканадан чыгарылат.
Учурда Кыргызсанда 216 адамдан таажывирусу аныкталган. Жалпысынан 33 адам айыгып, 4 жаран оорудан улам көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ