Бишкек шаарында 25 адамдан таажывирусу аныкталган. 25 бейтап 60 адам менен тыгыз байланышта – жакын туугандары, бул үй-бүлө мүчөлөрү, 204 адам – кесиптештери, тааныштары менен байланышта болгон. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Бишкекте такси кызматында иштеген 1 адам таажывирусун жуктуруп алып, үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүнө (аялы, кызы, күйөө баласы, 2 баласы жана небереси) вирусту жуктурган.
Ошондой эле, дагы бир тургун үй-бүлөсүнүн 4 мүчөсүнө вирусту жуктуруп алган.
Мэрдин айтымы боюнча, мындай учурлар көп катталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ