Menu

Кубатбек Боронов: “Таксисттер, курьерлер, айдоочулар вирустун негизги таркатуучулары болуп калышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

“Таажывирустун тез арада тарашынын бир себеби – карантинди сактабагандан. Карантинди сактап, медициналык кызматкерлердин айткан кеңештериш угуп келген мамлекеттерде таажывирусту жеңүү башка мамлекеттерге караганда бир топ жеңил болуп жатат. Оорунун тез тарашына дагы себепкер болуп жаткандар – таксисттер, курьерлер, айдоочулар. Бул дүйнө жүзүндөгү статистика. Булар биздин өлкөдө да вирустун негизги таркатуучулары болуп калышы мүмкүн деген божомолду айтсак болот” – деп билдирди бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн брифингде.

“Ошондуктан, бардыгыңыздар үйдө гана отуруп, медициналык кызматкерлердин айткан кеп-кеңештерин толук кандуу аткарууга чакырабыз” – деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вирустун жайылышы, каза болгондордун саны жөнүндө маалыматы жөнүндө айтып берди.

“5 күн мурда дүйнө жүзүндө жарым миллион адам вирусту жуктуруп алды деп айтылган болсо, бүгүнкү күндө анын саны 1 миллиондон ашты, тагыраак айтканда, 1 362 934 адам. Мунун ичинен 76 миңден ашык адам оорудан каза болуп жатат, бир жуманын ичинде эле бул сан 3 эсеге өсүп жатат. Улам жаңы өлкөлөрдө вирус аныкталып, башка континенттерге тез таркап жатат. Буга чейин эң коркунучтуу кабар катары Испаниядан, Италиядан же Европа мемлекеттеринен алынган маалыматтар болсо, акыркы кабарлар боюнча эң жаман кабар Америкадан келип жатат. АКШда бир сутка ичинде 1736 адам каза болду, Түндүк Америка менен Түштүк Америка бир сутка ичинде 31 миң адамдан вирус табылып жатат. АКШда өсүү темпи Европага караганда 700 кишиге көптүк кылып жатат. Ал эми Латын Америкасында бир жуманын ичинде ооругандардын саны 2,5 эсеге өсүп жатат. Мунун баары айрымдар буга олуттуу мамиле жасабагандан улам келип жатат” – деп билдирди биринчи вице-премьер министр.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: