Menu

Индияда таажывируска байланыштуу “Ислам Таблиги Жамаат” кыймылынын 21.200 мүчөсү анын ичинде 77 кыргыз карантинге алынды

Бөлүшүү:

Индиянын Ички иштер министрлиги “Ислам Таблиги Жамаат” кыймылынын 21 200 мүчөсү жана алар менен байланышта болгондор карантинге алынганын билдирди. Бул тууралу Индиянын ММКларына шилтеме берип, орус басылмалары жазууда.

Күнүмдүк брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Лав Агарвал таажывирус илдети Индиянын 17 штатында жайылгандыгын белгиледи. Ошондой эле ушул билдирүүгө ишенип, бийликтин талаптарын аткаргандарга ыраазычылык билдирди. Өлкөдө катталган бардык инфекциялардын үчтөн бири “Таблиги Жамаатка” байланыштуу.

Карантинге алынгандардын катарында башка мамлекеттерден келген дааватчылар дагы бар. Алар:

Индонезия (379),

Тайланд (65),

Кыргызстан (77),

Бангладеш (110),

Мьянма (63).

Булар виза режимин одоно бузушкандыгы үчүн “кара тизмеге” киргизилген. Анткени алар өлкөгө турист катары келип, бирок Делинин мечиттеринде көпкө жашырынып жатышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: