11-апрелде Кыргызстандан россиялык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын рейс мерчемделген. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.
“Учурдан пайдаланып, Новосибирскидеги мекендештерибиздин бир бөлүгү Кыргызстанга кайтарылат”, – деп билдирди биринчи вице-премьер-министр.
Буга чейин Россиянын Новосибирскидеги жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине келе албай, бийликке кайрылуу жасап, мекенге кайтарууну суранышкан эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ