“Жек Ма” фонду жана “Алибаба” компаниясынан келген гуманитардык жардам карантиндик чөлкөмдөгү көбүрөөк муктаждыктар бар болгон жайларга бөлүштүрүлөт”- деп билдирди бүгүн, 11-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде.
Ал гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн министрликте атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.
“Кытайдан коргоочу костюмдар, бет кап, кол кап ж.б. түрүндө келген гуманитардык жардамды 200 даанадан таңгакталып, Ноокат, Сузак, Ала-Бука райондоруна, Ош жана Жалал-Абад шаарларына жөнөтүлдү” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Ал өз учурунда жардам көрсөткөндүгү үчүн Кытай ишкери Жек Мага ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, “Жек Ма” жана “Алибаба” фонддору Кыргызстанга 1,8 миллион юандык гуманитардык жардам көрсөткөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ