Menu

АКШнын бардык штаттарында табигый апаат жарыяланды

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШнын бардык 50 штатында табигый апаат жарыялоо тууралуу декларацияга кол койду.

Ак үй билдиргендей мындай табигый апаат АКШнын бардык аймагында биринчи жолу жарыяланды.

Кошмо Штаттарында коронавирустан 20 миңден ашык киши каза болуп, адам курмандыктарынын саны боюнча Италиядан ашып, биринчи орунга чыкты. Көз жумгандардын көбү Нью-Йорк штатына туура келет. Бул аймакта 8,5 миң киши өлдү. АКШда вирусту жуктургандардын саны 500 миң кишиден ашты.

Ал эми Италияда COVID-19 вирусунан 19 миңден көп адам каза тапты. Вирус 152 миң адамдан табылды.

Адам өлүмү боюнча үчүнчү орунда Испания турат. Аталган мамлекетте 16 миңден көп курмандыктар бар. Коронавирус жуккандардын саны 163 миң.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: