Өлкө боюнча таажывирус илдети менен 419 жаран жабыркап жатат. Ооругандардын арасында 15 жашка чейинкилердин саны 39га жетти. Анын үчөө 1 жашка чейинки наристелер. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 39 (анын ичинде 1 жашка чейинки 3 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 12;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 105;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 157;
– 56 жаштан өйдө – 106 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ