Menu

Дастан Бекешов: “Дарыгерлерге жасалган кысымды токтотууга убакыт келди”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев дарыгерлерди колдоо максатында ЖКнын токтомунун долбоорун демилгелеген.

Анын айтымында, мындай коркутуулар менен бийлик дарыгерлердин чынчыл иштөөгө болгон каалоосун жокко чыгарууда. Ал эми улуттук коопсуздук органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жазасыз калууда. 

“Медицина кызматкерлерине жасалган кысымды токтотуу үчүн мен Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун даярдап, аны бүгүн Укук коргоо комитетинин кароосуна жөнөтөм. Кесиптештерим мени колдоп, сунуштарын кошот деп ишенем”,- деди Бекешов.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

– Таажывирус илдети жуккан бардык медициналык кызматкерлерге компенсация төлөнүш керек;

– медициналык кызматкерлердин инфекциясы аныкталган медициналык мекемелердин жетекчилерине карата кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү;

– бардык мамлекеттик органдарга толук эмес жана так маалыматты берүү үчүн так эмес маалыматты өз убагында четке кагууну тапшыруу;

– вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго каршы медициналык кызматкердин коронавирустук инфекцияны башка медициналык кызматкерлерге жуктургандыгы жөнүндө тастыкталбаган маалыматты жайылтуу боюнча ички иликтөөнү жүргүзүп, анын натыйжаларын жарыялоо;

– медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу шаймандары менен камсыз кылуу жана медициналык мекемелерде жеке коргонуу шаймандары бар экендиги жөнүндө калкка ишенимдүү маалымат берүү.

2. УКМК жана башка мамлекеттик органдарына:

– медициналык кызматкерлерге кысым көрсөтүү практикасын токтотуу.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна:

– медициналык кызматкерлерди элден кечирим суроого мажбурлаган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин иш-аракеттерине укуктук баа берүү ;

укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин көзөмөлдөө жана жарандардын укуктарынын бузулушунун, медициналык кызматкерлердин ар-намысы менен кадыр-барктын басынтуунун алдын алуу.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетине жүктөлсүн.

Учурда өлкөдө медициналык коомчулукка кысым көрсөтүү учурлары барган сайын көбөйө баштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: