Menu

Карыз болгон Касенов жана жоопкерчилигин сезген Евгений!  

Бөлүшүү:

Кезектеги кышкы олимпиада оюндары башталарына бир жумадан ашык күн калды. Тактап айтсак, Корея өлкөсүндө 9-февраль күнү старт алат. Кыргызстандан эки гана спортчу: тоо лыжасы боюнча Евгений Тимофеев жана кыска аралыкка лыжа менен жарышууда Тариэль Жаркымбаев барганы турат. Кечээ пресс-конференция учурунда Женя, машыктыруучусу Игорь Борисов, УОКтун баш катчысы Саламат Эргешов, дене тарбия жана спорт агенттиги директорунун орун басары Канат Арпачиевдер маалымат беришип, ал ортодо кээ бир орчундуу маселелер каралды.

“Чү” дегенде эле Евгенийдин машыктыруучусу Игорь Борисов “агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы бизге жардам берген жок. Тиешелүү каражат бөлүнбөгөндүктөн, биз силерге да тиешелүү көрсөткүч көрсөтүп беребиз деп айта албайбыз. Ушу кезге чейин биздин спортко 400 миң сомдон ашык карызыбызды берише элек. Жакшы даярдыкты көрө албадык. УОКтун жана агенттиктин берген стипендиясы олимпиадага жеткиликтүү даярдык болушуна шарт болбоду” деп арызданып баштады. Мен да жөн турбай, “а эмнеге бул арызданууну мындан 2-3 жыл мурун айтылган эмес? Коомчулукка эмне үчүн эртерээк коңгуроо кагылбаган?” деген суроомо Игорь байкебиз мукактанып, “айтылган, Касеновго айткам, ал киши билет эле. Баардыгына ошо киши күнөөлүү” демиш болду. Туура, айтса айткандыр, десе дегендир, биз үчүн спортко тиешелүү акча бөлүнбөсү жаңылык деле эмес. Өлкө экономикасынын абалын баары эле билип, түшүнүп турушат. Кеп ушундабы? Биринчиден, ушунда болсо бай, чириген өлкөлөрдүн деле кыйратып ийгендерин көрө элекпиз. Экинчиден, “Бала ыйлабаса эмчек кайда?” деген бизде сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, жок дегенде бюджеттен бөлүнгөн акчаларды убагында алыш үчүн машыктыруучулар, спортчулар агенттикке чуркап, кулак кагыш кылып, эшигин күн сайын болбосо да, күн алыс тытып турбаса, жогорудагыдай арыз-муңун башкача айтмак беле дейт экенсиң. Агенттиктин  илгертен, өлкөбүз эгемендик алган жылдардан тарта өнөкөткө айланып калган, бюджеттен бөлүнгөн акча убагында спортчуларга бериле койбогон “илдети” бар. Муну баарыбыз билебиз. Жадагалса, жаны ачыган ажо да билет, өкмөт, финансы министрлигин айтпай тек коёлу. Бирок, Улуттук олимпиада комитети Евгений Тимофеевге 1500 доллардан, агенттик 25 миң сомдон ай сайын 2017-жылы стипендия берип турду. Албетте (болжол менен 128 миң сом) мындай акча Евгенийдин жеке керт башына жетиштүү болмок тургай, өтө эле жетиштүү дейли. Анткен менен өз сөзүндө “негизинен, олимпиада спортчусунун болбоду дегенде 5тен лыжасы бар. Ал да жөн лыжа эмес, заманбап, ар бир спортчунун бутуна атайын ыкталып жасалган. Кардын тыгыздуулугу, сыймаланышы, аба ырайына ж.б. шарттарга ылайыкталат. Алып аткан стипендиямдан үнөмдөп болсо да эки лыжа алгам. Мурунку олимпиадага карата бир топ алдыга жылуулар болду. Биринчиден, спорттук чеберчилигимди өстүрдүм. Жайында көк шибердин үстүндө чалкалап жата бербестен Прибалтика өлкөлөрүндө машыгууда болуп келдим. Күзүндө эки эл аралык мелдешке катышып, бирөөндө үчүнчү орун, бирөөндө экинчи баскычка чыга алдым. Лицензияны жалпы упай топтоонун жыйынтыгында, эч кандай квота эмес эле, эл катары олимпиадага жолдомону утуп алдым. Кезектеги Кореяда өтө турган кышкы олимпиадага болгон даярдык жаман эмес. Мурунку олимпиадага салыштырмалуу мойнумдагы жоопкерчиликти сезип турам. Болбоду дегенде 40 күчтүү спортчунун катарына кирүү үчүн болгон күч аракетимди жумшайм” деди. УОКтун баш катчысы Саламат иним Тимофейдин допинг (кызытма) ичпегенин, таза экенин жана бүгүнкү күндө даярдыктары ойдогудай болуп атканын кошумчалады. Ал эми орунбасар Канат иним “биз Тимофейден “алтын медалсыз же байгелүү орундарды алмайынча келбе” деп талап койгонубуз жок. Ал өз күчү менен олимпиадага жолдомо алып, биздин мамлекеттин атынан чыгып атканы биз үчүн чоң олжо. Андан сырткары, бизде лыжа тебүү же кышкы спорттун түрлөрүнө басым кылбаганыбыз менен колдон келишинче өнүктүрүү жагы көз кырыбыздан чыгып кете элек. Мамлекеттин алынын келишинче жардамыбызыды аяган жокпуз” деди. Корея мамлекетинде өтө турган кышкы олимпиада оюндары 9-февралда башталып, 25-февраль күнү аяктайт. Бизден эки спортчудан тышкары Игорь Борисов, Александр Левданский (машыктыруучулар), Алия Калыбекова жана Адилет Баяман уулу (УОКтун кызматкерлери) барышат.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: