Ж.Б. аттуу жаран 2010-жылдагы массалык башаламандыкка катышкандыгы үчүн сот тарабынан 25 жылга эркинен ажыратылган. Бул тууралуу “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын 2019-жылга карата акыркы отчеттунда айтылат.
Маалыматка караганда, Ж.Б.нын жаза өтөө мөөнөтү кийин 25 жылдан 18 жылга алмаштырылган. Бирок Жураев 2020-жылдын январь айынын башында узак убакытка созулган оорудан кийин № 47 түзөтүү колониясында көз жумган.
“Маркум өмүрүнүн акыркы жылында кыйынчылык менен басып-жүрүп, тынымсыз кыйналган. Анын абалы “шарттар талаптагыдай эмес болгондуктан” начарлап кеткен, бул медициналык маалымат кат менен тастыкталган. Ж.Б.нын бутунун манжасы ириңдеп жабыркап, II типтеги кант диабети пайда болгон. Дарыгерлер анын жүрөк оорусунан жана кант диабетинен көз жумду деген жыйынтыкка келишкен”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ