Бүгүн, 15-апрель күнү депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көл облусуна кирүүнү чектөөнү сунуштады.
Анын айтымы боюнча, акимдер ага кайрылып, Ысык-Көлгө кирип-чыккан адамдар көп болуп жатканын айтышкан.
“Күн сайын Бишкектен Ысык-Көлгө 100дөн ашык автоунаа кирип-чыгып жатат, булар коттедждердин, эс алуу жайларынын ээлери” – деп билдирди депутат.
“Балким, күчөтүү чараларын карап, аймакты жабуу керекпи? Губернатор өзүнүн жарлыгы менен эң башында аймакты жаап салган, ошондуктан инфекциянын учурлары азыраак. Аймакка канча адам кирсе, инфекция коркунучу ошончолук төмөн болот” – деп билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ