Бүгүн, 15-апрель күнү Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартуу жөнүндө жарлыгын жактырды.
Өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Буга чейин аталган аймактарда өзгөчө абал режими 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген.
Ошондой эле Нарын облусуна дагы өзгөчө абал режими киргизилди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ