Журналист Асланбек Сартбаев бүгүн, 16-апрелде өзүнүн Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеӊиш Жоробековдун “эгер ыйгарым укугум болсо, Жалал-Абаддын губернатору Нурболот Мирзахмедовду камайт элем” деп ачууланганын жазып чыккан.
“Жалал-Абаддын коменданты Жеӊиш Жоробеков менен сүйлөштүм. “Полномочия болсо губернаторду камайт элем” дейт. Элди, “тилемчи” деген акмак качып кеткенби? “Крышасы” жана сасыган кошоматчыларына сабатсыз губернатор таянып жатса керек” – деп пост жазган журналист.
Бирок, көп өтпөй Асланбек Сартбаев Фейсбуктагы постун өчүрүп койгон.
Белгилей кетсек, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовдун “жардам сурагандар – тилемчилер” деп айткан сөзү коомчулукка тараган. Андан кийин ал айткан сөзүнө түшүндүрмө берип, колунда бар туруп жардам сураган адамдарды тилемчи дегенин билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ