Бүгүн, 19-апрелге карата бир сутка ичинде 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирус жуктуруп алган врачтардын ичинен:
Жалал-Абад облусунан – 4 врач,
Баткен облусунан – 1,
Ош облусунан – 2,
Ош шаарынан – 3,
Нарын облусунан – 4,
Бишкек шаарынан – 4.
COVID 19 жуктурган жалпы медиктердин өлкө боюнча катталган учуру – 134 адамды түздү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ