Menu

Ошто коронавирус илдетин жашырган үч кишиге кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Ошто өзгөчө абал киргенден бери үч кишиге коронавирус илдетин жашыргандыгы үчүн иш козголду. Бул тууралуу Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 21-апрель күнү брифингде билдирди.

Ал Калинин массивиндеги маалелердин биринде Орусиядан келген жаран үй-бүлөсүнө коронавирус жугузуп алганын мисал кылды.

«Орусиядан келгенден кийин текшерүүдөн, медициналык кароодон өткөн эмес. Үйүндө бала-бакырасы менен карым-катнаш кылып жүрө берген. Жаап-жашыргандыгы, өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө жугузганы тууралуу маалымат толук аныкталып чыкты. Андан сырткары 10 жакын тууганы обсервацияга алынды», – деди Нурдинов.

Учурда бул жаранга карага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-бересинин («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») негизинде иш козголуп, териштирилүүдө.

21-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 590 кишиге жетти. Алардын 150сү Ош облусунда болсо, 93ү Ош шаарында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: