Menu

Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: “Ош шаарында 27 миңден ашык ишкана иштебей турат”

Бөлүшүү:

Ош шаарында 28 миң 62 жеке ишкана болсо, анын ичинен 27 миңден ашык ишкана иштебей турат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде онлайн-брифингде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарбашов билдирди.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эле эмес бүт дүйнө жүзүндө коронавирустан улам жаралган экономикалык каатчылык болуп жатат. Өкмөттүн тапшырмасын менен биз атайын антикризистик программа иштеп чыктык. Ош шаарында . Күнүмдүк салык төлөөчүлөр дагы иштебей калды. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө март айы үчүн пландын 66,6 пайызын аткарды. Мындайча айтканда 139 миллион сом план берилсе бүгүнкү күндө бюджетке март айына 39 миллион сом түшпөй калды. Антикризистик программанын негизинде салык органдарына көрсөтмөлөр берилди, экономика бөлүмү тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Шаардык кеңештин бюджет комитетинин башчысы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакынкы мезгилде колдо болгон каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында ушул жылдын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилет”,- деди Сарыбашов.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: