Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус аныкталган бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Алардын айтымы боюнча, каза болгон аял 53 жашта болгон. Ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин аймактык ооруканасынан дарыланып жаткан. Ал эми республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Каза болгон бейтапта коронавирустан сырткары дагы өнөкөт оорулары: 2-типтеги кант диабети, жүрөк кемтиги, жогорку тобокелчиликтеги гипертониялык илдети болгон.
Белгилей кетсек, өлкөдө жалпысынан 612 адамдан коронавирус инфекциясы тастыкталган. Тилекке каошы, 8 адам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ