Menu

Уйкудагы улут: Ээн ооз кыз жазаланды, эл өкүлү Жылдыз Мусабековачы?.. Өзүн сыйлаган эл ошондой эл өкүлүнө мандатты ыраа көрөт беле?

Бөлүшүү:

Адеп-сыйга эп келбес сөздөрдү айтып сөгүнгөн кыздын аты-жөнү такталды, камалды. Элде уу-дуу… “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий тобунун мүчөлөрү да муну өз ара талкуулап, элди эс пештөөгө чакырууну оң көрдүк…

Айсулуу Көкөева: Тиги сөгүнгөн кызды камабай эле кыргыз тарыхы, адабиятынан китептерди окутуп, лекцияларды уктуруп, лидерлердин өмүр баянын, “Манас” – эпосун тааныттырып, экзамен бердирип койсо болмок! Жазалоонун өнүмдүү, альтернативдик жолдорун качан өздөштүрөт билбейм кыргыздар… Башка сөгүнгөндөргө да, сөгүнгүсү келгендерге да сабак болмок. Мына ошондо видеого тартыла берсин. Жүрөктү тарбиялағанды да билиш керек.

Олжобай Шакир: Тупа туура айтасың, Айсулуу! Биз бул өңдүү бейбаштарды жазалоо жолу менен жашоону жакшы жагына өзгөртө албайбыз. Гумандуулук менен гана тарбия жүргүзүүбүз керек. Биз жазалоо, камоо жолун гана тандап алдык. Мындайда гумандуу идеяларды турмушка ашыруу менен гана жашообузду жаркын кылууну эмнеге ойлонбойбуз? Күч органдарында иштегендер да, жалпы эле биз жашаган коомдо агрессорлукту, маданиятсыздыкты кадам сайын кезиктирүүгө болот. Андыктан кыргыз бийлиги коомго рухий агартуу жолун күчөтүшү керек. Улутту караңгы динчилдер да сабырдуулукка, мээримдүүлүккө, чыдамдуулукка тарбиялай албай келет. Мектептер, ЖОЖдор андан бетер!!! Демек, кандай болгондо коомубузду оңойбуз, Ыйманыбызды оңойбуз?!

Айсулуу Кокоева:  Негизи азыр бири-бирибизге сүйлөгөндө да же өзүбүзгө ишенбейбизби, сөзүбүзгө ишенбейбизби, ишибизге ишенбейбизби же кыйын болойлу дейбизби – шак эле оор сөздөрдү айтып, ортосунда кекетип, адамды тебелеп салганга даяр болдук. Экинчи бири-бирибизге кайрылбастай, акыркы көпүрөнү өрттөп, басып кетмейге өттүк.

Чет элдерде гумандуу тарбиялоонун жолдору бар экен. Ошолорду бул жакка да келтирсе болмок. Ууру баланы кимден урдаса ошого жардам бердирип дегендей. Тил билгендер жардам берсе жакшы эле да.

Мындай кылбайлыбы. Бул шилтеме менен текстти ар кайсы группага салалы. Так 100 пикир болгондо анализдейли. Канча терс, канча оң, канча нейтрал, оригинал пикирлер болорун. Коом адамдан үмүтүн үздүбү? Анда киши өлтүргөндөрдү өлтүрүп салыш керек экен да. Эл кекчил болуп баратат. Ар кимдин өзүнө күзгү коюш керек, анан анализдеп бериш керек. Иса пайгамбарды бийлик өкүлдөрү керип өлтүрүп жатканда ал асманды карап: “Отец, прости, они не ведают что делают” – деген эмеспи.

Риза Савай: Камап, же айып пул салып, же элге шылдыңдатып (социалдык тармактар аркылуу), эч ким айбийир таппайт. Ушул кезге чейин тапкан да жок. Тарбиялоонун, таасир берүүнүн формаларын, экинчи жолу эмоция менен шашмалыктын курмандыгы болбос үчүн кыз-келиндер, аялдар же аксакалдар дейбизби, ошолор аркылуу түшүндүрүү, уяткаруу иштерин (ИИБ атайын бөлүм болуш керек) жүргүзүшсө, мүмкүн алымдуураак болот.

Айсулуу Көкөева: Ооба да. Мен бир жолу өспүрүмдөр түрмөсүнө баргам. Бир гана жомок китеп бар экен. Аны тытып окушуптур, кайра-кайра окушат болчу. Ал оо өткөн кылым болчу. Эми балээ болду жаштарга. Интернеттен башы чыкпайт же маалыматты тандаганды билишпейт. Бул кыз да ошентет да.

Олжобай Шакир: Мени кейиткени: биздин мамлекет ушул бечара кыздын деңгээлине түшүп чара көргөнү! Маданияты, таалим-тарбиясы жок кыздын деңгээлине түшүп, аны жазалоо чарасын көргөнү ойлондурат. Мамлекет өз балдарын туура жолго салар ата-энедей болушу керек эле. “Ай, айланайын, минтип айтканың болбойт” деп чекесинен сылап, мээрим менен оң жолго салгандын ордуна, жазалоо ыкмасы менен тарбиялай алабы?!

Андыктан, мындай көрүнүш биздей коомдук институттарды да ойго салар көйгөй. “Казына” адабий эксперттер тобу да коомдук институт катары мындай көрүнүшкө кандай аракет кылуу керектигин ойлонушубуз керек. Адам баласын гумандуулук жол менен туура жолго салууга мүмкүн! Учурда кыргыз коомунда үй-бүлө институту калыптанбай келатканын туюндурган көйгөй бул! Бул кыздын жүрүм-туруму бүгүнкү биз жашап жаткан коомдун символу, күзгүсү! Бул гана көрүнүш эмес, коом өзү дал ушул кызга окшоп өктөм, түркөй, караңгы болуп калды…

Риза Савай: Ооба, азыр социалдык желелер мындай көрүнүштү сындап, жамандап эле жатып алабыз. Ошол адамдар алдыңкыларыбыз деген “жасалма элитанын” өкүлдөрү баш катырабы? Өздөрүнүн башына (бала-чакасынын, өздөрүнүн түшсө, заматта жок кылышат, асмандан болсо да бутунан сүйрөп түшөт… Жанагындай нерселерди атайылап жасайбы деп ойлор калдым… Сүйлөп, анан видеого тарттырып… Же эмне кылып жатканын билбегендей абалда болушканбы? Кыскасы, жаштардын мындай жоруктарынан бизнес жасагандар да болуш керек.

Айсулуу: Жолдош байкенин менин постума жазған пикирине кошулбадым. Педагогдор менен аралашып, канча китеп окуп, канча педагогикалық тексттерди которуп жүргөн ағай ушинтсе… Жаш кезимде булардан жаман элем. Ошону үчүн чығармачыл психологдор, педагогдор керек. Тексти мына: “Соонун оюндагы мастын тилинде дегендей, жай турмушта байкалбаган ички терс мамиле (элге, мамлекетке, тартипке карата жек көрүү сезими) азыркы кысталыш жагдайда жугунду куйган желим баштыкты жара салгандай чачыраптыр туш тарапка. Карантиндин чектөөсүндө бук болуп, ачуусу толуп-ташып, урунарга тоо, урушарга жооп таппай, эмоциясы чыйралта тарткан кыл аркандай чарт үзүлгүдөй абалга келген учурда милицияга кабылып калганын карабайсыӊарбы бул кыздын. Түнкү клубда шалактап бийлеп, шапар тепкен, каалаганын ичип, чегип, оозуна келгенди кайтарбай шалпыган субмаданияттын өкүлүнөн башкача жүрүм-турумду күтүү мүмкүн эмес. Жалпы элди түйшөлткөн карантиндин чектөөсүнө жинденип, атайын эле маскасыз, паспортсуз, багыт бараксыз чыккандагы кербези экен.

Айсулуунун сунушу өтө эле сентименталдуу. Мен гуманизмге дегеле каршы эмесмин. Бирок кыргыз дегенде итиркейи келип, өзүн ушундай коомдо жашап калганы үчүн чексиз бактысыз сезген неменин колуна “Манасты” же башка кыргыз рухуна тиешелүү китептерди кантип карматасың? Же бет маңдайында өзүң окуп берип отурганыңды, сенин ар бир сөзүңө кандай реакция кылганын, эң эле жумшагы “мырк” болгон акаарат кептерди укканыӊды элестетип көрбөйсүңбү?

Менимче, бул ирет тартип кызматкерлери сылык-сыпаа эле кайрылышкан окшойт бул кызга. Бирок дегеле кепке келейин деген ниети жок неме кыргыз тилиндеги расмий талапты эле эмес, эң эле көркөм текстти же ажайып обондуу ырды деле теӊирден тескери кабылдамак. Ошондуктан жеке милиция кызматкерин эле эмес, жалпы элди акаарат кылганына маашырланып, “ар!” эткендей каап сүйлөдү.

Милиция эмне кылышы керек эле? Жосундар жөнүндөгү кодекстин жоболору тартип сакчыларынын колу-бутун байлап салганын билебизби? Эгер аларга америкалык полицияныкындай ыйгарым укук берилген болсо, кеп жебес неме менен жаакташып отурбай колун булка кайырып, азыркы отурган жерине дароо эле алпарып тыгып салмак.

Мен бул көрүнүштө жалаң эле жазалоо менен жоюу керек дебейм. Милиция өз милдетин аткарды, “3кө” болсо да. Бирок башка жактар: үй-бүлө, жалпы коомчулук, бийлик үчүн бул өтө коогалуу ишаарат экенин эске алуу зарыл. Кооз сөздөрдү, дүӊгүрөк ураандарды бетке кармаган саясатчылардын ушул чирик ооз немеден эмнеси артык? Булардын ким экенин, кандай экенин билип, быкшыган жытын сезмексен болуп шайлап, жактап турган элчи? Эл ичинде ар бирибизчи?

Кыскасы, карантин буга чейин көпчүлүк көрмөксөн, билмексен болуп, атүгүл кеңири тамыр жайышына шыкакчы, көмөкчү болуп келген оор илдетти ашкерелеп жатат. Бул чети гана. Мындан беш бетер нерселер чыгат. Азыртан ойгонуп, ар бирибиз жоопкерчиликти сезбесек, ойлобосок, даана чатак ошондо башталат.

Дагы кайталайм – милицияны жемелебегиле! Алар болбосо, карантин эрежесин сактабай жаткандарды ким тартипке салат? Андан көрө ар кимибиз колубуздан келишинче жардам берели. Колубуздан келбесе, жок дегенде тоскоолдук кылбайлы.

Карантинден кийинки жашоого азыртан башкача даярданалы. Мыйзам баарыбызга бирдей колдонулушу үчүн мамлекетти сыйлайлы. Бийликке да, өзүбүзгө да талапты катуу коё билели.

Шабдан Сулайманов: Ооба, жалпы кыргызга тиешелүү кылып сөккөнү туура эмес болду. Мен бирок эмнегедир ушул кызды түшүнгүм келди. 30 жылдан бери же жыргаган идеологиябыз жок, же гүлдөгөн мекенибиз жок, ар кимдин көзүн карап, ар кимди ээрчип, өзүбүздүн бейиштей жерибизди жээрип, бирөөлөрдү туурап, бирөөлөрдү идеал тутуп келатканыбыз келаткан. Же калппы? Намысыбыз болсо эмнеге ошону ойлонбойбуз, эмнеге ойгонбойбуз? Бул кыз чет өлкөдөн келген жок. Бул кыз өзүбүздүн кыз. Балким, ата-энеси көр оокаттын айынан көп жылга миграциялап тентип кетип, атасына ардакталбай, энесине эркелебей, ар кимдин колунда ары түртүлүп, бери түртүлүп азап менен чоңойгон кыз. Балким, өнтөлөп өйдө боло албай, өз балдарын өгөйлөгөн өлкөбүзгө таарынып, балалыктын бактысына бөлөнбөй, ызасы, кусасы муунтуп, сөөктөн өткөн татаал тагдырын сөзүнөн чыгарып турган кыз. Балким, кыргыздын байлыгынын баарын кымтып алып, тоюнуп өлбөгөн жемкор, сүткорлорду токтото албаганына жаны кашайып, өзүнүн алсыздыгына өкүнүп, акыйкатсыз төбөлдөрдү айыптап, ачууга алдырып турган кыз.

Бул кыз өзүбүздүн коомдун туундусу. Канчалык жаап-жашырып, сылык-сыпаа көрүнгүбүз келгени менен, тилекке каршы чындык ушундай. Кадам шилтесең эле кайдыгерлик, кошоматчылык, эки жүздүүлүк, паракорлук, алдамай, кордомой, зордомой, жердешчилик, уруучулдук, бөлүнүүчүлүк… Көрүп турасың, угуп турасың, билип турасың… Далбастайсың, алдастайсың, өкүрөсүң, бакырасың… Бирок коомду өзгөрткөнгө колуңдан коко тикен келбейт. Менин намысыма деле тийген жок маселен. Көчүгүбүз көрүнүп турса кайсы арыбызга намыстанабыз? Кайсы арыбызга момунбуз, сонунбуз, кайрымдуубуз, кадыркечпиз, ыйманыбыз башыбыздан ашып, сабырыбыздын салмагы тоодой болду деп мактанабыз? Болгону коронавирус ирип-чирип бүткөн коомдун чыныгы жүзүн ачып жатат.

Айсулуу Көкөева: Ошо да. Азыр балдарыбыз ата-эненин тарбия сөзүн тыңдай электе, маалыматты тандаганга акылы жете элегинде телефондун кулу болуп баратат. Өзүн жек көргөнүн айта албай кыргыздарды, мамлекетти жаман көрөм деп отурат да. Жолунда жан дүйнөсүн, инсандыгын ачкан бир адам жолукпаптыр….

Риза Савай: Кызды ушундай абалга жеткирген окуя же шартты билбей туруп, бирдеме айтыш да кыйын. Балким, болгон тарбиясы ушулдур… Аны видеого тартканга кызыкдар тараптар мени ойлондурат…

1. Жаш адамдарды эмоцияга алдыртып, негативдин чегине жеткирип туруп, бир максат менен тартышы да мүмкүн. Адамдан баарын күтсө болот.

2. Бул кызды тарбиялоо, эсине келтирүү үчүн камакта кармоодон кимге пайда, кимге зыян?

3. Укук коргоо органдары мындай иштерге шымаланып киришүүдөн мурда, себептерин анализдеп, адамгерчиликтүү тыянакка келсе болбойт беле?

Шабдан Сулайманов: Менин дагы бир айтайын дегеним, бизде укук коргоо органдарында иштеген адамдар өздөрү этиканы билишпейт. Жарандарга орой мамиле жасашат. Кээде атайын провакация кылышат. Бул саам деле ошол сыяктуу көрүндү мага. Кичинекей алсыз кызды 4-5 эңгезердей эркек тегеректеп алып, бири видеого тартып, бири шылдыңдап, бири колунан кармап жатса, ар бир адамдын ачуусу келет. Эгерде ошол орган адамдары жакшынакай сылык-сыпаа карындашым же кызым деп кайрылуу кылса, тиги кыздын эмоциясы балким таптакыр тескерисинче болмок деп ойлойм.

Айсулуу Көкөева: Шабдан, тиги кыз бир болсо провокация кылып жататтыр ээ… Андайларды видеого чыгарбаш керек болчу.

Ал кыздын эмоциясы да өзгөрмөк эмес, балким ого бетер болмок. Долу кыз – долулугун кылат. Бирок бул коомдун жарасын бир жагынан жарды да…

Шабдан Сулайманов: Ал эми СИЗОго камап салганы такыр эле акылга сыйбаган жорук. Биринчиден, бир кызды камоо менен бардык жаштарды коркутуп тарбиялай албасыбыз айдан ачык. Экинчиден, камактагы күндөрдө ошол көчөт кыздын бери дегенде психикасы бузулат, ары дегенде тагдыры талкаланат.

Айсулуу Көкөева: Ошо да, баягы, коронавирус маалында кыргызды сөгүп, түрмөгө жатып чыккан кыз деп ээ… андайды кыргыз унутпа-айт.

Эфирге тартылып жатканын билип туруп, ошого барган кыз ага чейин эле кыргызды жек көрүүнүн көптөгөн стадияларынан өткөн да. Жада калса кыргыз элин сүйгөнгө жетишпей калган.

Абдыкерим Муратов: Ал кыз алдындагы милиционерлерди гана сөккөн жок – жалпы коомду сөктү. Ага тарбия бере албай калган коом күнөөлүү. Азыркы мектептерде мисалы, окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде “Кыргыз адабияты” деген предмет кыскарып калды. Кыргыз мектептерден “Адеп сабагы” алынып салды. Бишкекте миңдеген кыздар-балдар англис, кытай, жапон тилин окуткан курстарга барат. Эмне үчүн? Алар ошол тилдерди окуп кыргызга кызмат кылайын дебейт, ошол жакка кетейин дейт. Бул кыргыздын трагедиясы. Бир жылы окуучулар дил баяндарында “Келечекте Рысбек болом” деп жазышкан. Туура. Бала билгенин, укканын жазат. Биз ошолорду идеал, өрнөк кылып таштаганбыз. “Сөгүнгөн кыз” жалгыз эмес, алар улам көбөйүп баратат. Эмне кылабыз?

Айсулуу: Билим берүү жагына, ата-энелер менен психологдордун ишин күчөтүүгө басым жасаш керек. Бүт жагынан тегерете кароо абзел. Бул кыз менен фанаттар – бир эле катарда.

Шабдан Сулайманов: Айсулуу, ушундай учурда баары бир биз ошол кыздын жакшы жактарын көргөнгө, анын ички дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылышыбыз керек. Анын үстүнө аялзаты болуп жатат. Мен жогоруда айткандай балким ошончолук бир ичинде арманы бардыр, кыргызды сөкмөк тургай, бүткүл адамзатты сөгө тургандай, же өмүр менен өлүмдүн ортосунда тургандай өтө катаал абалдадыр? Бирөөнүн ичине кирип чыкпаган соң биз билбейбиз да. А балким мен жаңылып жаткандырмын. Бирок, кутуруп кеткен, көзүн май басып көөп кеткен кыз болсо да, мен анын камалышына каршымын. Психолог эле керек. Өткөөл курак деген жаратылыштын мыйзамын да эч ким жокко чыгара элек.

Айсулуу Көкөева: Ооба, түйтөйгөн кебетесинде эле турбайбы… Ата-энеси ким болду экен? Кызығып калдым…

Олжобай Шакир: Дегеле биздин коомдун кайсы чөйрөсүндө болбосун орой мүнөздүү, тили заар, нерви жука адамдар арбыды. Үй-бүлө баалуулугу деген түшүнүккө да маани берилбей калгандай! Ата-энелер бала тарбиялоого өздөрү даяр эмес көрүнүштү турмуштан көрүп жүрөбүз. Өткөндө мончодо жүрсөм, бир жигит кызымтал болуп алыптыр. Жанында тестиер баласы бар. Уулуна акыл үйрөтүп атканын көрүп, ушундай зээним кейиди. Кыязы, келинчеги менен ажырашып кеткен неме окшойт. Баласы анда-санда атасы менен кезигишип турарын экөөнүн сөзүнөн түшүндүм. Балага апасын жамандап атат, анан да баласын чоң муштум болууга көкүтүп: “Азыртан эркек бол. Ким тийишсе жыга чап. Угуп атасыңбы?! Эркек деген эркектей болуш керек. Коркок болбо”  – деп атса, муну уккан баланын аяш аталары да, тестиер баланы өктөм болууга, чоң муштум болууга кеңеш берип аткандарын көрүп, түңүлдүм.

Ошондой тарбия алган балдар келечекте эркектин образын зөөкүрчүлүк, чоң муштум болуу деп түшүнөт да. Айтор, кыргыз урпагынын келечеги абыдан чочулатат кээде. Ал эми милийсаларга алкынган кыздын жүрүм-турумун азыр кадам сайын көрүүгө болот. Кээде шаарга каттап, көчөлөрдө жөө басам, коомдук транспортко түшөм (мен муну абыдан сагынат экенмин). Кээде траллейбус, автобуска түшүп, эң артына өтүп алып шаар аралаганды жакшы көрөм. Ошондо коомдук жайларда жүргөндөрдүн мүнөзүн, сүйлөшкөндөрүн тыңшап, чачым тик турат.

Жолдош Турдубаев: Ал постто мен азыр дагы бир пикиримди кошумчаладым.

Айсулуу Көкөева: Көрдүм… Жолдош байке, милициянын видеону жүктөгөнү туура дейсизби? Мен көргөнү 3 кызды кечирим суратты. А ал кыз жетекчи болсо кол алдындагылар сөгүнгөнүн унчукпай угуп, ишин кылмак. Китеп окутуунун амалы чоң штраф менен коштолушу керек. Ооба, китеп окутуп жатканымды элестетип жатам. Бул өтө оор. Же түрмө, же китеп оку деп окутууга туура келет. Фактыдан алган көп эле тасмалар да бар, адамды өзгөртө алган. Мыкты педагогдор Кыргызстанда жок экендигин билесиз да өзүңүз. Биле-есиз…

Олжобай Шакир: Бир курдай автобуста баратсам, эки аял кобурашып атып, бирөөсү сурап атат, “баягы кызың жашап атабы?” Ичимден бул эмне деген сөз деп ойлоп койдум?!. “Баягы кызың жашап атабы?” Кийин түшүндүм, барган жеринде тынчпы, ажырашпай эле жүрөбү деп кобурашып баратышкан экен. Кыргыздын түшүнүгүндө бар беле ушундай балээ?!

Залкарбек Назарматов: Адамда тубаса бүткөн кыял-жорук деген болот да. Анын туура багытка бурулуусуна ата-энелик тарбиянын мааниси зор экенин дагы билебиз. Бирок ошол тарбия берүүчү ата-энелер өзүлөрү жетишерлик таалим-тарбия бергенге даремети барбы? Менимче, бул ойлонтуучу маселе. Интернет деген нерсе жашообузда каалагандай жеткиликтүү болгон учурдан тарта биздин коомго терс таасирин гана тийгизе баштады. Мисалы, “папа” же “мама” телефон чукулап отурган убакыттын ордуна баласына пайдалуу бир нерсе үйрөткөн мындай турсун үстү-башына түзүктөп көз салууга жарабаган учурлары көп болууда… Интернет талаасында үйүлүп жаткан маалыматтарды ылгабай кабыл алуудан улам аң-сезимдер да күн санап өзгөрүүдө. Азыркы адамды бир нерсеге таң калтыруу же ишендирүү оңойго турар иш эмес. Маалыматтын көптүгү жана чалды-куйдулугунун аркасында чындыктын абстракттуу мааниге ээ боло баштаганы кайсы бир деңгээлде бизге окшогон майда өлкөлөр үчүн атайылап жасалган диверсиялык иш-аракеттей эле сезим калтырат. Же биз заман агымы менен тең жарыша албай – интернетти жалаң гана пайда алып келүүчү (материалдык дагы, моралдык дагы) ресурс катары таанууга даяр эмеспиз.

Айсулуу Көкөева: Диверсия эмес эле бүткүл дүйнөдөгү ата-энелер бул проблемаға малынды. Мен Эмир Кустурицанын пикирин койдум, окусаң шилтемеси мына: http://izbrannoe.com/news/mysli/emir-kusturitsa-gramotnyy-chelovek-ischez-/?fbclid=IwAR1B7JTwJwMF2q2mvKC0orE96b50_JGdw7iIfLP8aa06noQCw5GFd7tn5Fk

Залкарбек Назарматов: Батышта мындай сөгөнөөктүккө окшогон көрүнүштөр кадыресе эле болсо керек. Биз деле аз убакытта ошол нукка түшөрүбүз бышык. Өкүнүчтүүсү – баалуулуктар өтө тездик менен алмашууда.

Улан Дөөлөтов: Талкуунун катышуучулары, баарыңар мага күнкараманы элестетип жатасыңар. Олжобай Шакир эмне жакшы десе ошону колдоп, эмне жаман десе ошону жамандап. Кыз, кыз эле дейсиңер, милиционерлер жыргаганынан ошол кыздан сөгүү угуп, өз элинде өз тилинде түшүндүрө албай турган адамдын ордуна өзүңөрдү койдуңарбы? Силер О. Шакир мындай кылалы, тигини коргойлу, муну кордойлу десе кылганыңардай, алар дагы приказдан чыга албайт. Жада калса жанагынтип кол кайтаргандын колун кайрып алып барып, обезяна камап ата-энесин чакырып, штраф төлөтүп чыгарганга укугу бар (азыркы абал, карантин убагындагы чыккан токтомдор жол берет). Ал кызды Шабдан аке айтат: психолог керек дейт, байке, 20 жашка чыкканча ушул нерсени үйрөнүп, ушул нерседен кайтпаган кызга, психолог үч күндө Кыргызстанды сүйдүрүп, элден кечирим суратат дейсиңерби? Айсулуу эже, сиздин ушул билим деңгээлиңиз, сабатыңыз менен кызды түшүнүп, аны актап жатканыңызды сырттан карадыңызбы? Сиз, дагы бирөө коргоп чыгып аны бошотсо, а болот экен деп эртең мындан сулуу жаш кыз, мындан коозурак ашатпайт деп кепил бере аласызбы?

Апасынан жакшы тарбия алган кыз эч качан мындай сөгүнүп, жашоого нааразычылыгын айтпайт болчу. Мен ата, апама ыраазымын, эжемди эмес мени сөгүнүп сүйлөтчү эмес. Кыргызстанды эмес, кошунанын ую короого киргенде, сөгүп кубаласам тыйчу. Мал менен мал болбо, сени түшүнүп жатат дейсиңби же ит үрсө сен да төрт аяктап талашасыңбы дечү. Айсулуу эже сизди мисал кылалы, 20 жашыңызда сөгүнчү белеңиз? Ж.б.у.с. өзүңүздөр байкагандай суроолор жалаң. Бул жерде кыргызды жамандап эле отурасыңар мындай, тигиндей деп. Тиги кыздан айрымаңар м.а. “грамотно” сөгүп, жамандап атасыңар. Бир нерсе болсо ажолор, депутаттар күнөөлүү. Ажону, кыргызды ошентип жапжаш кыз сөгүп атса, Кыргызыңды ким сыйлайт?

Шабдан Сулайманов: Нурайым Шаршенбекова эжекебиз да мыкты айтыптыр: Кыргыздар кыйын экенбиз эй! Мына өткөндө, сөгүнчөөк жигитти карматтык. (Ага чейинки жаман иши үчүн эмес, сөгүнгөнү үчүн)… Андан соң “туура эмес” сүйлөп алгандарды бирден кечирим сураттык. Эми минтип кечээки сөгүнчөөк кызды карматтык. А ичибизди иритип жаткандарды, кыргызды ачыктан-ачык жок кылгысы келгендерди, улуттук баалуулуктарыбызды ширкке чыгаргандарды, көз көрүнөө кайнаса каны кошулбаган бир улутту өзүбүздөн бийикке көтөргөндөрдү, Манас атабызды баш кылып, Каныкей апабызды төш кылып сөккөндөрдү “азамат!” деп колдоп, кол чаап отурабыз. Ата-бабабызды жаман десе ишенип, башкалардын ата-бабасын ээрчип алганбыз.

Өз жомокторубуз турса, башкалардын “жомокторуна” ишенип, башыбызга жаздап алып окуйбуз. Кыргызча сүйлөгөндөрдү караңгы дейбиз да, орусча менен арабчаны жата калып жаттайбыз. Санжырабызды билбейбиз. Биздей кыйын калкка 7 ата менен тарых-санжыраны билип не дейбиз. Миллиондорду мойсогондорду качырып жиберип, мээңер иштебейт дегендерди камап койдук. Эй керек болсо тамагыбыз бар туруп, тамак сураганды үйрөнүп алдык. Сыйлыктарды сатып алабыз. Керек болсо сынактарда мени кыйынсың деп ко-ойчу деп суранабыз.. Айта берсем мактана турган жагыбыз ого эле көп. Ачык сөккөндөн, жакшы сүйлөп, алдап-салдап жок кылууну көздөгөндөр коркунучтуу экенин моюндагыбыз келбейт. Анткени алардан коркпойбуз… Негизи кыйынбыз! Өтө кыйынбыз!

Улан Дөөлөтов: Тигиге окшогон кыздарды ушинтип коргосок, эртең ал күн деле (Манасты сөккөн күн) алыс эмес.

Олжобай Шакир: Улан, сен деле милийсалар менен ажылдашкан кыздын деңгээлинде ой толгогонуңа жол болсун… Болуптур, ал кызды мындай коё туруп, жеке сенин маселеңе келели: ооба, сен мени жек көрөсүң, качан болсо мени каралагандан кайра тартпаган кекчил жигитсиң. Бирок ошого карабай сени биздин тайпага аралаштырып, жаштык энергияңды адабий ишмердүүлүккө жумшоо туура болобу дедим эле! Сен макул, мени сыйлаба, бирок башкаларды сыйла. Башкалардын баары эле мен жат десем – жаткан, тур десем турган бечаралар эмес! Ар биринин оозунда сөзү бар, ариети бар инсандар!

Айсулуу Көкөева: Улан, Алтыным, мен Олжобайдын пикирине көз карандысыз эле өзүмдүн пикиримди айтып келгем))). Сөгүнөсүзбү? – дейсиң)). Ботом, ооба да)))). Ал эми психолог деген 100гө чыгып, өлүп бараткан кишиге да керек. Милиция тентектин колун бурап, бөлүмгө алып кетсин дейли. Аны видеого тартсын дейли, кайра соцтармакка чыгарганы туура эмеес! Миллиондорду чөнтөккө солоп качып, “Кыргызстанымды жакшы көрөм” деп ода жазгандар жакшы тура ээ анда? Кой Улан, сен өз пикириңде тура тур, мен да өз пикиримде боло турайын. Гюгонун “Отверженные” дегенин көрдүң беле?

Олжобай Шакир: Уланга окшогон адабияттын жаш муунун оң жолго салалы деген гана ниет менен сени ушул тайпага коштум. Себеби сайттын концепциясы интеллектуалдар альянсы болгондуктан, “РухЭш” менен кызматташкандын баары эле О.Шакирдин оозун карап тургандар эмес экенин түшүнө жүр!

Уландын Олжобай Шакирге жообу: Мен тиги кызды ого бетер кайра жарыялагандын кереги барбы? Андан көрө Сиз айткандай энергияны адабиятка жумшайлы дегеним. Сизди жек көргөнүм менен көтөрүп чыккан иштериңердин көбүн колдойм. Мобул талкуу боюнча айтып жатам. Жолдош аке топтон бөлүнүп туура, күйүп-бышкан баасын берди.

Амирбек Усманов: Мен НТСтин видеотасмасын көрүп жатып, эки бейбаш кызга көп убакыт бөлгөнү таң калтырды. 6 мүнөттөн кийин тажап, токтоттум. Бишкекте орусча сөгүнүп, мушташкан кыргыз кыздарды биринчи жолу 1970-жылы Панфилов паркындагы бий аянтында көргөм. Милиция аларды ит менен токтоткон. Ал кезде бирок милиционерлерге азыркыдай кол көтөрүү жок, андай адамды түз эле түрмөгө салчу. Милициянын, бийликтин кадыры А.Акаев кездеги массалык жол тосуулардан баштап кетти. А эки төңкөрүш кезде аларды токмоктогон учурлар көп эле болду. Бирок ким жазаланды? А соңку жылдары, а түгүл таажытумоодон улам карантин киргизилгенден бери тосорлордогу милиционерлерди опузалап, Кочкордо бир аксакал эле киши милиционерди таяк менен быкынга сайгылаганын видеодон көрдүк. Төбөлсүздүк жылдары милицияга кимдер гана алынбады? Мурда айылдагы кыйын деген жигиттерди тандап алчу. Алардын, деги эле сот, прокуратурада иштегендер арасындагы паракорлук, адилетсиздик да элдин кыжырына тийип… Ошол мыйзам нигилизми тушунда туулган муун бүгүн элдин көбүн түзөт. Ал үчүн биринчи кезекте элге үлгү болбой калган бийлик өкүлдөрү күнөөлүү. А сөгүнүүлөр бүгүнкү “крутой” жаштар арасындагы тренд. Анткени орус ТВсындагы Павел Воля ж.б. окшогон артисттердин уят-сыйыты жок сүйлөгөндөрүн көрүп чоңоюшууда. А адептүү жаш геройлор тууралуу ким кыргыз же орус тилинде кино көрдү соңку 20 жылда? Мен көрбөдүм. А тиги кыздар демек акты-караны ылгабай аралаш сүйлөгөн чөйрөдө өскөн. Буга чейин да милиция менен акийнек айтышып, бирок кутулуп кетип жүргөн. Болбосо, ушинтип атырылабы? Аларды кайра ТВдан көрсөтүп кереги жок. Кээ бирөөлөр үчүн бул арзан тамаша гана. Аларга чоң суммада айып салыш керек!!! Же бир ай көчө шыпыртыш керек, бекер. Батышта же АКШда жанагындай секирип жатканда атып да салышы мүмкүн болсо керек…

Залкарбектин Уланга жообу: Ага окшогондорду коргоп эмес, так ошолорду мисал кылып ошолордой массаны да тарбиялап алуучу, эки айга камап коюу сыяктуу жазалар менен катар гумандуу альтернативдүү жол табуу керек. Туура, 20га чыккыча тарбиядан кур жалак калыптыр. Болору болду: боёосу канды. Бирок коом өзүнүн эле ошолордой болгон – өпкө-боорундай болгон бир бөлүгүнө ушинетип кол сунса болбойбу? Же эки айга камалып чыкса эле көкшүнү сууп, башка адам болуп чыга келеби?

Улан Дөөлөтов: Мисалы; берки экинчи тайпада адабиятта татыктууларды тандайлы деген ойду колдоп, сурамжылоого катышып жатам. Билсеңиз, адабият жаатында иштерди колдойм, сиз кыялдангандай (конкурстардын сапатын жана байге фондун жогорулаталы дегениңиз) менин дагы кыялым кырда отурат.

Олжобай Шакир: Менин №1 душманым саналган адамдын чындыгына да “РухЭш” сайты аянтча болгонун каалайм. Менин дарегиме эмне айтпа, бирок мен сендейлерге кыртыштуу дөңгө окшоп ордуман былк этпей көнгөн адаммын. Улан, сен ушул тайпадагы агаларды, эжелерди карап түзөнсө дейм. Жашыңда оңолбосоң, “Бүкүрдү көр гана түздөйт” болуп, өмүр бою ушундай наалыма, кылдан кыйкым издеген бечара болуп өтүп кетесиң…

Улан Дөөлөтов: Амирбек аке, сиз айткан штрафты салат, ал эки ай деген жөн гана сестентүү максатында айтылган. Оор кылмыштарга гана эки айдан өйдө абал такталып сот болгончо срок берет.

Амирбек Усманов: Ал кызды ТВдан узак көргөзгөнчө, карантин тартибин бузгандарды, биз ажы умрадан келдик деп аэропортто медтекшерүүдөн өтпөгөндөр менен маекти, эмне үчүн Коопсуздук кеңешинин төрт жыйынынан кийин да врачтар, өкмөт чукул кырдаал абалындагы жашоонун алгоритмин иштеп чыкпаганын, ал үчүн жооптууларды көрсөтпөйбү?!.

Олжобай Шакир: Улан, баатыр! Макул, сенин акылың боюнча андай кыздар жазаланганы туура дейли. Бирок ал кызга окшогондор миңдеп саналат биздин коомдо. Андыктан биз коомдук институт катары, чыгармачыл интеллектуалдар катары элге-журтка айтаар идеяларыбызды бөлүшөлү бул жактан. Үй-бүлө институтун калыптоо керектигин айталы. Сөгүнгөн кыздын жосунун ашкерелөө же жазалоо менен эле көйгөй чечилбейт. Мындан аркы улут келечегине тынчсыздансак, бийликке, коомчулукка альтернативдүү, гумандуу долбоорлорду айтып туралы деген эле кеп…

“Казына” тобун негиздеген күндөн бери бир принципти кеп кылып келатам го бул тайпада: биз кызыл чеке талаштарга, бири-бирибиз менен жакалашууга чейин барган чындыкты талкуулашканга көнөлү, бирок жеке таарынычтарды жыйыштырып, душмандашууга барбайлы дегенди… Бул жакка оппоненттеримди топтоп атканым деле ошондон, себеби биз сын айтуу жана сынды кабыл алуу маданиятыбызды өстүрсөк дейм. Ансыз биз улуттук адабиятты да, өзүбүздү да калыптай албайбыз!

Улан Дөөлөтов: Бул оюңузду колдойм, Олжобай байке, бирок ал кызды мисал кылбай сүйлөмгө кыскарып жалпылаштырып айтса болмок. Аны колдогондор миң дегендей болуп калыптыр. Манасты окуса болмок дейт эжем, окуйбу эми? Ошол жолго такалбаш үчүн мындай кылалы деген идеяны алып чыксын. Мисалы, антисыйлыгы өтө жакты мага, ошондой калыстыгы жок болуп калса (ал болот дагы эле), мен тынбай жүгүрүп аргумент табышып, издешкенге даярмын.

Амирбек аке, жашоонун карантиндеги алгаритмине каршы чыгып жатпайбы? Эчтемкеси жок жала калса кыргызчасы жок кайра байкени орусча түшүндүрө албайт деп жектейт.

Айсулуу Көкөева Амирбек агайга: Ошону айтсаңыз. Оңой-олтоң жасаган ишин көрсөтө калганга маш да. Мында да аялдардын артына бекине калышат бийлик. Сөкпөй-какпай, инсандыгын акча менен, саткынчылык менен тебелегендерге, кол көтөргөнгө алы жетпесе ошол экен да…

Амирбек Усманов: Улан, мен ошо сотко жеткирип, коомдук иш аркылуу жазалоо керек деп жатам. Ал кыз атасы менен коркутуп жатпайбы. Эгер ким да болбосун тартип бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылбаса, андайлар азайбайт. Азыр казынаны уурдасаң да, бирөөнү басып кетсең да, акчаң жана домкратың болсо кутуласың. А тоок уурдаган бечара камалат.

Улан Дөөлөтов: Амирбек байке, сотко оор кылмыштар гана өтөт, аны сиз билесиз. Тескерисинче, бул кызды ошо сотко өткөрүп жиберсе ошондо козголсок болот.

Айсулуу эже, оңой-олтоң иш дейсизби ошол жерде кызындай болгон кыздан сөгүү угуп турган. Ал карантин убагында жүргүзүлүп жаткан иштердин онлайн отчёту.

Насыпбек Асанбаев: Ушул кызды ушунча талкуулаганга деле арзыбайт ко. Сөксө сөгүптүр, аны камаса камаптыр. Бүттү да. Башка маселе толтура го

Улан Дөөлөтов: Ошол да.

Айсулуу Көкөева: Бул окумуштуу Гүлзада Станалиеванын пикирин окугула. Кандай дедиңиздер?

https://www.facebook.com/gulzada.stanaliyeva/posts/2830430290397285?notif_id=1586884065913901&notif_t=tagged_with_story

Насыпбек Асанбаев: Бизде килейген Кумтөр бар. Ал жерде чет элдиктер биздин тонналаган мөңгүнү талкалап, тонналаган алтынды алып кетип атса, бир да кыргыз ойгонбойт дагы, бир жолу бир чет элдик кыргыздын чучугун башка нерсеге окшотуп койгондо өлүп кала жаздадык эле.

Олжобай Шакир: Ооба, арзыбайт. Бирок ушул кыздын мисалынан улам, коомду эс-акылга чакыруу жараяны бул. Сен урматтаган Чубак ажыны да тынчсыздандыра турган маселе бул, ата-эне, мугалим, айтор, баарыбызды тынчсыздандырышы керек мындай көрүнүш. Буларга мурун чүйрүп, эмне биз ошол кыздан бийик турабыз дегениңби?! Ал кыз да кыргыз урпагы, бирок кыргыз улутун шерменде кылар терс аяк экен, эми ага көз жумалыбы?..

Насыпбек Асанбаев: Коомду акыл-эске чакыруу керек. Ал турган иш. Бул кыз болбосо токтотуп койот белек, чакыра бериш керек. Бул кыз ал коомдун чекеси эле да. Мындан өткөндөр жүрбөйбү. АША деген неме баарыбызды каратып туруп эле ашатып салганда унчуга албай отурчу элек

“Нарындыктар койсуңар”, “Таластыктар киши эмес” – деген сыяктуу айтып эле жатчу.

Олжобай Шакир: Диний жааттагылар да, интеллигенция да дал ушундай маселеге үстүртөн карап келгенибиздин жыйынтыгы бул!

Насыпбек Асанбаев: Олжобай байке деле кыргызды ашатып койот. :))

Олжобай акени да бир жылга кестирели.

Олжобай Шакир: Күйгөнүмдөн ашатам да эй. )))) Арданам, кээде кыргыз элин бетине карманган улутчулдардын, караламан калктын жосунун көрүп…

Улан Дөөлөтов: Сүйгөнүңүздөн, күйүп ашатсаңыз, бул жерде тетири окуя. Биз аны эмес, ал кыз улутту басынтып жатат.

Залкарбек Назарматов: Ушу талкууга арзыбаган улан-кыздар келечекте Кумтөр түгүл бүтүн Кыргызстанды келбеске келтирчү муун болуп чыгат…

Амирбек Усманов: Кыз улутту басынткан жок. Маданияты, тартиби кандай абалга түшкөнүн жараян кылды.

Насыпбек Асанбаев: Окудум эже, туура айтат Гүлзада эже. Тарыхты да, кыргыз тилди да жакшылап окутуш керек. Жаштарды жаштайынан ыйманга чакырыш керек. Ошонун баарын кыла албай атып анан бир кызды баса калып камап салбаш керек.

Улан Дөөлөтов: Кыргыздын деңгээли ушул экен деп жыйынтыгы чыгарат коңшулар. Ошондо басынбаганда эмне болобуз?

Айсулуу Көкөева:  ))))). Коңшулар үчүн жашап жатабызбы?

Насыпбек Асанбаев: Ушундай болбосун, жаштар маңкурт болуп калганы калды деп 2-классынан баштап китеп окутуп атабыз. Ошол китепке, кыргыз тилге кызыктыралы деп белек берип атабыз. Ушундай мааниде күрөшүүгө чакырам. Менин пикирим ушул. 1 киши айына 1000 сомдон берсе 12000 сом. демек 2 киши кошулса 20-24 бала окуган классты жөн эле камсыздап 4 китеп окутуп койсо болот. Жок, аны кылбайбыз. Анан ал андай, бул мындай деп акыл айтабыз.

Олжобай Шакир: Амирбек байке, тупа-туура! Бул кыз соңку муундун терс мүнөзү, образы, символу! Мындайлар былгып жатат коомдо, тек алардын чекесин гана көрдүк интернеттен. Ата-энесин балталап салган же бир тууганын мууздап салгандар жөнүндө жакаңды уучтаткан жаңылыктар, фактылар бул кыздыкындай ачык көрүнбөй, көмүскөдө болуп жатканы канча.

Көчөдө ызырынган, тегерек-четте жүргөн элди көзүнө илбегендерди көрүп эле жүрөбүз го турмуштан, базарлардан, көчөлөрдөн. Тек бул кыз карантин маалындагы рейд маалында камерага илинип калганына эле ушунча уу-дуу түшүмүш болуп атат биздин коом…

Көчөдө жолчырак күйүп-жангыча жол талашкан айдоочулардын ызырынганы, тыгындарда мушташып, жакалашкандарды баарыбыз эле кезиктиребиз. Тек гана бул кыз карантин маалындагы милийсалардын камерасына түшүп калган үчүн эле баары ал кызды жаалап жатып калышты, ошол жаалагандын көбү ушул кыздан анча деле айырмаланып кетпейт бизде!

Риза Савай: Залкарбек, Батышта адамдар аябай сылык, тааныбаса деле саламдашканына өзүм күбө болгом Германияда …Этика маселеси алар үчүн канга сиңген мыйзамдай туюлган мага… Болушу мүмкүн бирин-экин. Бул кыз биздин коомдун эле “продукциясы”!

Насыпбек Асанбаев: Биз былгыты-ып көчүккө суу куюп аткандарды билбей, билсек деле маани бербей отура беребиз. Анан бетибизге айтып чыккан киши андан аз зыян берип атканына карабай катуу чара көрөбүз.

Риза Савай: Кептин чордону ушуга окшогон фактылар кездешсе жазадоонун ар кыл формасы (камакка алуу, жазалай салуу ж.б.) жөнүндө эмес, тартипке чакыруунун гумандуу жолдору туралуу эле… Ар бириңиздердин пикирде жүйөө бар, бирок бул теманы канчалык даражада анализдебейли, жалпы бир жыйынтыкка келүү кыйын. Бизге Жириновский жетишпегендей..

Айсулуу Көкөева: Ошо Жириновскийдин ордун басат элем деп, көрүнгөн менен урушуп, бир иш жүрүп жатса элди тескери маалымат берип, саботаж кылып жаткан бирөө бар… Кыргыздын эле, өзүбүздүн эр жүрөк атуулдары көбөйсүн. Жириновский эмне кыла алды? Россиянын эки шаары эле бай, эли кедей. А Путин болсо Медведев экөө мамлекеттин бийлигин топ ойногондой алышып-беришип башкарып жатат. Жириновский эч нерсе кыла албайт, күчү жеткени – мушташканы, Пугачеваны “дура” дегени. Өзүбүздүн эле дура дегендерибиз эле жетишет…

Айсулуу Көкөева: Эсиңердеби? Жылдыз Мусабекованын журналист кызды ашата сөккөнүн? Кандай жаза алды эле?

Олжобай Шакир: Оппа! Муну эске салганың да өтө орундуу болду! Эми өзүн сыйлаган эл ошондой эл өкүлүнө мандатты ыраа көрөт беле десең. Андай намысчыл эл экенбиз, кана ошондо улуттук наркыбыз менен каадабызды коргоп чыккандар?! Анан калса ошол Мусабекова феминисттердин жүрүшүн айыптап, парламент залынан жер сабап чыкканын айт. Ал жек көргөн Батышта Мусабековадай алкынган катынды сенатор кылып кармашат беле?. А биздин эл андай эл өкүлдөрүнүн ашатканына бышы кулак болуп отуруп берди да, эми көчө деңгээлиндеги бир бечара кызга чара көргөнү адилетпи?! “Чырактай кызды он балага салып берем” дегенин эмнеге жапайычылык, зөөкүрчүлүк катары санабадык?

Андыктан жогоруда, кеп сөгүнчөөк кызды камап жазалоодо эмес экендигин түшүнсөк, кеп биз жашаган коом өзү жинди коом, деградация чегиндеги эл болуп калганыбыз ушул!

Айсулуу Көкөева: Ээ, андай сөккөнгө барьерлер алынган эчак эле. Кесипкөйлүк жок да. Ал кырдаалда да – журналисттердин талашында да кесипкөйлүккө шалаакылык чоң роль ойногон. Баарыбыздын ачуубуз чукулдап кетти. Анда да, мында да элге жарыялангандыгы чекилик болду. Туура айтасың, Олжобай. Коомубуз тыныгып, акыл токтотушубуз керек.

Олжобай Шакир: Айтор көмүскөдө быгып жаткан ыпластыктардын бир эле бучкагын анда-санда ушинтип көрүп калып чуулдап атабыз, эми ушул балээнин алдын алуу жолдорун ойлонгондун ордуна күнүмдүк эмоция, күнүмдүк талаштарга алаксып, тиги кыз он беш күнгө камалганына корстон болуп, кыбасы канып табалагандар азыр четтен табылат! Мындан шумдуктар алдыда дагы далай кездеше берет. Андыктан бул сыяктуу терс аяктарды камоо жолу менен эле жазалай бербей, мамлекет рухий агартуу ишине көңүл бурар кез келди. Бала бакча, мектеп жашынан көчөт муунду мээримге тарбиялап, ата-энелер, мугалимдер үчүн курстарды, семинарларды уюштуруп, акын-жазуучу, тарыхчы, философ, диний ишмер өңдүү интеллектуалдуу өрнөгү бар инсандарды рухий дават кылууга үндөшү керек мамлекеттик саясат!

Айсулуу Көкөева: Баягы, камерага муштумун көрсөткөн эркек саясатчы ким эле?

Олжобай Шакир: “РухЭш” сайтын негиздеген күндөн эле мен анын концепциясын иштеп чыккамын. Негизги багыты – рухий коом агартуу, интеллектуалдар аянтчасын куруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өстүрүү, адабий-агартуучулук, улуттук адабият ж.б. Мен бул айткандарды иш жүзүндө аткарууга билек түрүп койгонум үчүн менин тилектеш, санаалаштарым арбыды. “Сөздөн ишке” деген принцип эле ушул, ошол себептен бул тайпадагы силерди да жөн эле тата-пата сөз үчүн кураганым жок, биз чоң күчкө айлана турган топпуз! Бирок арабызда моюндан байланган итке окшоп, ууга жарабастар да арбын!

Айсулуу Көкөева: Олжобай дейм, ооба ошондой жакшы иш кылып жатасың. Тиги эркек ким эле? Жоок, сен теңде да, эркектерди да эсте…

Кыздарды эле көрө калгансып калабыз.

Олжобай Шакир: Эркектер жерге кирсин, АША баш болуп элди малга, Абыке, Көбөш тукумдарына теңеп атканда арына келбеген эл эми көчөдөгү сөгүнчөөк кызга келгенде ар-намыстуу боло калганына өлөсүң да эй. Эркектер парламентте шагырап отурат ко, чимкирик атка конуп, өздөрүн элита санап. А Башмыйзамыбызда парламенттик башкаруу деп турат, иш жүзүндө Президенттин кабак-кашын караган саясат уланууда.

Кепти эркегине бурабызбы, аялына бурабызбы – баары окшош.

Айсулуу Көкөева: Кыйтырсың ээ Олжобай… Анан эмне, кыздар бир нерсе кылса эле “Бул эмнеси КЫЗ башы менен!”, “Ыйман кайда?”, “Кыргыздын кызы да ушинчү беле?!”, “Кызга КЫРК сайттан тыюу” – деп каласыңар?

Олжобай Шакир: Мен өз жашоомдо кыз-келинге, балдарга басым-кысым жасоого жол бергим келбейт. Тескерисинче, соцтармактарга да катынды мойнуна мингизип алган эркектер гана чоң ийгиликке жетерин тамаша иретинде көп билдирем. Маселен мен өз турмушумда баарын келинчегимдин тескөөсүнө гана өткөрүп койгомун…

Эң ыракаттуу жашоо ушул экенин көпчүлүк эркектер түшүнбөй жүрү. Көпчүлүгү өмүр бою катындарын көгала кылып сабап да, зөөкүрчүлүк кылып да – көздөгөндөрүнө жеткенин көрө элекмин.

Мен туруш-турпатым менен феминистмин эй! Жаш кезде мен деле зөөкүрчалыш болчумун. Мектепте кыздарды ыйлатчумун, чачтарынан жулгулап, бантиктери чубалып калса партага байлап салчумун. Кийин бойсунуп жигит болгондо кыз-келин десе жанымды берген эркектерден болуп чыга келдим. Жан дүйнөм кыз-келинге абыдан жакын экен, кыз-келиндер менен муңдаш, сырдашмын. Эркектер менен көпкө чер жазыша сүйлөшө албайм, ал эми сезим кытыгылаган кыз-келиндер менен ар балээнин четин чыгарган кепке жакынмын…

Рахат Аманова: Тиги кыз боюнча айтаарым: ал кызды кандай болсо ошондой кабыл алганыбыз оң. Эмне үчүн эле биз бирөөлөрдү тарбиялай бергибиз келет, билбейм. Дегеле ал кыз жана андайлар биздин тарбияга муктажбы? Андай жаштарды тарбиялоого дарамет жетеби? Ал кыздын тарбиясы жок деп эле күйүп атасыңар? Түшүнсөм Кудай урсун. Мына азыр ушу жерде отургандын баары кечээ айылдан келген кыргызбайларбыз.

Балдарыңарды карагылачы? Башкабы бизден? Башка. А эмне үчүн биз айылдагы кыргызбай менталитетибизди балдарга таңуулашыбыз керек?

Азыр Бишкекте, Ошто үч-төрт муун өткөн түпкүлүктүү шаардык кыргыздар бар. Бул сары плащ кыщ менимче ошондой НУКУРА ШААРДЫК КЫЗ. А булардын Манасты билбегени кыргызды сүйбөйт же кыргыз эмес дегенди билдирбейт да? Алардын өзүнүн кыргыз дүйнөсү бар. Алар кыргыз дүйнөсүн башкача кабылдайт! Анан дагы.

Жазалоо боюнча: “сени 15 суткага камайбыз же Манасты окугун!” деп талап койгондук – моралдык-психологиялык басмырлоонун эң жеткен түбү болуп калбайбы? Адам укугун кайда апарабыз? Азыр бизди бирөө бизге бийле же 15 суткага камайм десе эмне болмокпуз?

Бир гана нерсени айткым келет: шаардык кыргыз улан-кыздарга канчалык басым жасасаң ошончолук качырып алабыз! Диний фанаттар исламды жек көрсөтүп алгандай.

Кыргыз дүйнөсүн таңуулап, зордоп, оозу-мурдуна тыгып эмес, өзүбүздү түздөө менен үлгү болсок дейм. Кыргыз дүйнөсү менен бардык кыргыз сыймыктангыдай болуп. “Курманжан Датка” бар. Айтматов бар. Ал эми кийинки 30 жылда эмнени жараттык муун үчүн? Өзүбүздү түздөйлү. Тарбиялуу эмес деп бүтүм чыгарганга акыбыз жок бирөөнү. Балким ал кыргыз мырк деди. А үйүндө жароокер кыздыр?

Кандай болгон күндө да шаардык улан-кыздарды окуткан мугалим катары айттым. Балдарды жайына койгулачы. Эгерде мен ошо милициялардын ордунда болсом, гүл берип кечирим сурамакмын.

Күндө гүлдү эшигинин астына коюп коймокмун.

Эркек катары:” Кечир бизди. Биздин иш ушундай” деп. Кыскасы шаардык улан-кыздарга кыргызбай мамилени этиятташ керек. Алыстатып албай.

Айсулуу Көкөева: Колунда турганда кыргыз дүйнөсүн АЧЫП бере албагандардын азабынан “таңуулоого” туура келсе эч нерсе эмес. Методика издеш керек.

Рахат Аманова:  Колунда турганда бир мугалимдин колунда 1 000 окуучу болот. Түрдүү бүлөдөн. Карантинден бери 10 ашык бала үйүндө суицид жасады. Шаардык балдардын баары бирдей эмес. Таңулоону ыкмага айландыргандын өзү демократиялык принциптирге каршы келет. А биздин өлкөнү “демократиянын аралчасы” деген аты бар жамандыр-жакшыдыр.

Айсулуу Көкөева: Ошо өзүн өлтүргөндөр Ысык-Көл менен Чүй болуп жатты беле басымдуусу?

Рахат Аманова:  Бул кыздын мугалимдерин да айыптоого мүмкүн эмес. Коомубуздагы жараларды жарып чыккан карантинде көрдүңөр. Мугалимдерге бүтүндөй коомдун жүгүн артып койгон кимде күнөө?

Айсулуу Көкөева: Мугалимден да ата-энелерге күч келүүдө. Анткени алар балдарынын сабагын кошо жасашып жатат. Баланы окутуу кандай оор экенин билип жатышат.

Рахат Аманова:  Мына! Мугалим күнүнө кеминде 6 класска кирсе 200 баланы окутат. Эми нагрузканы элестеткиле. Ата-энелер мына бир айда чарчап атышат өз балдарынан. Айрыкча кичине класстардыкы азап. Ошон үчүн врачтар менен мугалимдерди мамлекет колго алмайын болбой турганын эл эми түшүндү. Мына, дарыгерлерге сын такчы элек. А бир билими жок медсестранын тамырга сайган уколун бирибиз жасай алабызбы? Жок! Короновирус менен ооруганга азыр бирибиз жолой алабызбы? Жок. Ошонун сыңарындай кеп болуп атат азыр. Бир мугалим кирген 10-11-класска мугалимди сындаган бирөө сабак өтө алабы?

Мына, мектептер турат. Сабак өткүлө. Ошондо реалдуу кырдаалга карап анан мугалимдерге сын такса жарашат. Бир мисал.

Айсулуу Көкөева: Мында баары чиймеленишкен. Ата-энелердин балдарынан алыстаганы, мугалимдердин да кесиптик деңгээлинин төмөндөшү, балдардын алакандай телефонго “кирип” кетиши. Жалпы көңүл калуу да турат.

Рахат Аманова:  Мынакей, карантин убагында Ысык-Көл менен Чүйдөгү өз өмүрүнө кол салган факт эмнени билдирет? Ошол балдар үйүнөн таппаган мээримди мектептен таап жүрүшкөн. Эгерде карантин болбосо ал балдардын көбү өлбөйт болчу. Себеби, канча окуучулар мугалимге гана сырын айтат, бугун чыгарат, ыйлайт. Кыскасы жанагы ” кыргыздар мырк” деген кызды маңкурт, тарбия көрбөгөн дей берген “диагноздорго” караманча-каршымын. Мен ошо кызды дал ошо турпатында кабыл алып, кечирүүгө даярмын. Анткени ал кыз коомдогу “вирустарды “жугузуп алган бир байкуш алсыз кыз.

Мамлекеттин да ал кызды жазалоого моралдык укугу жок. Анткени ал кыз – мамлекеттин жүргүзгөн иш-аракетинин продуктысы.

Коомчулуктун кайдыгерлигинин продуктысы. Эмнени эксек ошону жеп атабыз.

Жолдошбек Турдубаев: Рахат, ушундай кыя чабыш керек шилтегенге жараша! Коом, мамлекет, эл күнөөлүү дейбиз, туура. Бирок коомду коом, мамлекетти мамлекет, элди эл кыла турган ар бирибиз эмеспи? Ошол эле эси жок кыз өзү, анын ата-энеси, жакындары… “Кандай болсо ошондой кабыл алыш керек” дегениңдин жүйөлүү жагы бар – орус мектебинде окуп чоңойгон балага кыргыз мектебинин мугалими, болгондо да статистикалык орточо мугалими тарбия бере албайт. Бирок бул окуянын улуттук, этнопедагогикалык ж.б. өӊүттөрүн кийинкиге же башка атайын талкууга калтыра турсак да, эң эле жөнөкөй жарандык укук, милдет жагынан “кандай болсо ошондой” кабыл алууга такыр болбойт. Ал, жашы жеткен жаран, тартип кызматкерине кол көтөрдү, баш кийимин түшүрө чапты жүз талаштыра. Акаарат кеби кыргыз улутуна эле эмес, мамлекетке, мамлекеттик тилге да тийип жатпайбы? Минимум дегенде ушул жосуну үчүн жоопко тартылышы керек. Мындай нарциссти кайсы кеӊ пейил коом же супергумандуу мамлекет кабыл алат ушул турушунда? Япондорбу? Америкалыктарбы? Араптарбы? Вирус эпидемиясына эл боо түшүп калбасын деп өтө зарыл жумушу барлар деле үйүнөн чыкпай камалып отурганда тайраӊдап чыга калганын кайсы планетанын тургундары жактырмак? Мамлекет жаман болсо, биздин жамандыгыбыздан жаман. Заман бузулса, аны бузган биз өзүбүз. Жоопкерчилик болушу керек ар бир адамда. Албетте, баарынан да жогору жактагылар көп айыптуу. Бирок ошол жогоркулардын деле катарына эң пас немелер чыгып алып, үстөмдүк кылышына ылдый жактан таяныч түзүп берип жатпайбызбы, “жердешим”, “тууганым” ж.б. деп.

Амирбек Усманов: Мен Жолдош айткан жүйөөлөрдү толук колдойм.

Айсулуу Көкөева: Буюрса маселе бардык жагынан каралып жатат. Эркек – аял, улут, тил, маданият, бийлик жана карапайымдар, жазанын теңдиги –  дагы эмне бар эле?

Рахат Аманова:  Жолдош агай, ырахмат, сиз айткан сөздөр да, аргументтер да жүйөлүү. Атуул катары тиешелүү жазасын алганга да милдеттүү могу кыз. А бирок медалдын эки жагы бар эмеспи. Биз күнөөлүүбүз дегенде мен биздин муунду айтам, бул чырпыктай эбелек кыздын муунун эмес. Эми да. Мына дарыгерлер Гиппократка берген антын өмүр бою кармайт. Каерде болбосун өз милдетин аткарат. А мугалимчи? Мен мугалим катары ар бир жаш жеткинчекти, жолунан адашкан жаш муундун өкүлдөрүн коргоого миллеттүүмүн жана коргойм! Мектептин ичинде эле мугалим болуп, мындайга чыкканда бүтүндөй коомчулук жүз үйрүп кеткен жаш кызды, кечээги окуучуну калкалап, коргобосом эмнем иугалим?

Ата-эне мугалимге балдарын ишенип тапшырат. А ошо ишеничти окуучулар жакшы күндө кезинде гана аркалап, мындай күндөрү баарына кошулуп, ташбараңга алсам – менин эмнем мугалим?! Ташбараңга кошулуп байкуш кызды урсам, кайсы касиетим калат мугалим катары? Анда балдарынын жан дүйнөсүн, өмүрүн кошо ишенип тапшырган ишенич эмне болот?!

Мен жаш муунду тигинин окуучусу, мунун окуучусу деп да бөлбөйм.Ал кыз дагы менин окуучум! Азыр баарыңар ташбараңга алып атканда, ошо байкуш окуучумун жанында болбогонума ыйлап атам

Силер реалдуу жашооло окуучулар кандай жашаганын билесиңерби? Жок! Билбейсиңер. Үч кабат үйлөрдө жашаган окуучулардын канчасынын жүрөк титиреткен азаптарын билесиңерби? Жок. Билбейсиңер.

Бир эле мисал. Профессордун кызы окуучум болчу. Бешке окуган кыз псих болуп калды. Анан бир күнү истерикага түшүп чыңырды. Анан айтып берди. Атасы эки инисин катуу кармайм деп, муунтуп урат экен! “Я так больше не могу, эжеке! Жить не хочу!..” деп чыңырганы азыр да кулагымда.

Биз өзүбүздүн гана ЧӨЙРӨНҮН алкагында, деңгээлинде карайбыз бардык нерсеге. А башка сырты жылтырак бүлөлөрдө эмне шумдук болуп атканын билбейбиз. Мен бир эле мисалды келтирдим. Тири шумдук кырдаалдардан окуучуларымды эптеп алып чыгып кеттим. А өз проблемасы менен өзү калганы канча?

Ооба, азыр чала сабат мугалимдер көп. Алар асмандан түшкөн жок да? Өзүбүздүн ЖОЖдордон келди. Ооба, биз мугалимдер ушундай муунду тарбиялап чыгардык, күнөөлүүбүз. А 25 жыл 3-5 миң айлык алган жумушка кимдер келмек эле?

Кыскасы, эч нерсеге алым жетпеген күндө да, ушул тайпанын алкагында да, окуучумду коргогонго даярмын. Анткени өмүр бою окуучуларымды коргоп келдим жана коргойм.

Мен ар бир окуучуну өз балдарымдай сүйөм. Бул чындык. А өз баласын сүйгөн эне баласы үчүн баарына барат. Бул кыз да менин шордуу окуучум, шордууму ташбараңдан коргойм. Жок дегенде ушу жерден. Ушуну айткым келди.

Жолдош Турдубаев: Рахат, баракелде! Ушундай гана чартылдаш керек – нөшөр алдындагы чагылгандай! Бул кызды ташбараңчылардан коргойм деп чыкканың абдан жакшы. Жаштардын, алардын ичинен шаардыктардын кандай баш оорулары бар экенин, балким, сенчелик билбестирмин. Бирок албууттангандардын баары эле үйүндө кордук көрүп жаткандар эместигин анык билем. Тескерисинче, ата-энесинин арам оокатына мас болуп кутургандар өтө көп. Мисалы, Бишкектин абасын ышка шыкагандар жолтандабастардын көпчүлүгүн жапжаш балдар, кыздар тээп жүрбөйбү, карыш жерге да жөө баскандан же коомдук унаага түшкөндөн «намыстанып». Адамдын капчыгынын калыӊдыгына, кийиминин брендине ж.б. карай «баалаган» муун өсүп чыкты, аны өстүргөн – ата-энеси менен демократияны охлократия менен, эркиндикти ээнбаштык, жоопкерсиздик менен чаташтырган коом, чөйрө. Түнкү клубдарда чардаган, түзүктөп билим, кесип алайын деп ойлобогон (мисалы, ушул 23 жаштагы кыз курагы боюнча ЖОЖду аяктап, жогорку билим алган болушу керек, бирок реалдуу билими, маданияты канчалык?), колу жукараактарды экинчи, үчүнчү сорт деп эсептеген, чала-була болсо да орусча сүйлөбөгөндөрдү киши ордуна көрбөгөн, өзүнүн тамыр-башатынан ажыраган, бирок башка, мисалы, дүйнөлүк маданиятка деле кирбей арабөк кала берген маргинал, мите катмар бар, «уялчаак» депутаттын бетинен, дагы биринин салаңдаган казысынан калың. Мейли, аша чапкандардын акааратынан, кордогон кеп-сөзүнөн ушул кызды коргошко аракет кыла бер. Кептин көпчүлүк көңүл бурбаган «бирок» жагын да айта бер. Бирок – «бироктун» да «бирогу» – ушул эсирген катмардагылардын көпчүлүгү сенин коргооңо деле муктаж эмес деп ойлойм. А бул конкреттүү кызга барып сырдашып, психологиялык колдоо көрсөтөм десең, менимче, органдардан уруксат алууга болот.

Айсулуу Көкөева: Милициялар да билет да кимге тийишишти. Ошондой будуң-чаң, өзүнө ээ боло албай турган кызды шакаба кылып тегеректеп, чөөчөсүнөн турушту да удургутушуп, көкүтүп. Анан чоң иш кылгансып соцтармакка чыгарышты.

Залкарбек Назарматов: Кечээтен берки талкууну байкап отуруп, көптөгөн омоктуу ойлор айтылганын баамдадым. Бирок тээ башта Айсулуу эже сунуштаган жазалоонун алтергативдүү жолдору – гумандуу, коом үчүн пайдалуу жолдору жөнүндө сунуштаган идеядан ашып кете албады.

Риза Савай: Рахат айткандардын баары турмуш чындыгы, мындан да аянычтуу тагдырлар бар. Өз муң-кайгысын ичине батыра албай, өз өмүрүнө кол салгандар чыгып жатат. Муну көрмөксөн-билмексен болгон таш жүрөк катмар да бизде.

Жолдош Турдубаев: Залкарбек, кептин баары тарбиячылардын тарбиясыздыгында, окутуучулардын билимсиздигинде же чала сабаттыгында. Тарбиячылар дегенде биринчи кезекте эл мактап-тандап шайлаган бийликтегилерди айтып жатам. Эгер бийликти татыктуу адамдардан шайлай билсек, коом тез эле оңолот. Азырынча ким “кыйын” болсо, ошонуку туура деген мамиле басымдуулук кылып турат.

Амирбек Усманов: Эй, туугандар, 23 жаштагы бийкечти коргоодо өзүбүздүн элге окшоп калган жокпузбу? Коррупционер чоң камалсын, бирок биздин айылдын же уруктун баласы болбосун деген. 23 жаш өзүнүн ар каламы үчүн керт башы менен жооп берчү курак.

Айсулуу Көкөева: Байке, кеп күчү жеткендерди баса калуу, күчү жетпегендерди самолетко салып, жөнөтүп жиберүү жөнүндө да болуп жатат… Очойғон кылмыштарды жаап коюп, алсыз болгонубузда. Колдо турған факт менен камай албай жатат милдетин аткаруучулар.

Рахат Аманова: Жолдош агай, чабал бийлик жөнүндө оюңузга толугу менен кошулам. Бир айда эле 98 медикке cv-19 жукканы эмне деген акмакчылык. Алай таптаза турат эле, Эркечтамды ачты жанталашып. Акмакчылык эмей эмне? Кайсы базарлар үчүн ачты чек арадан жүк ташыганы?

Күзүндөсү Алайга баратып атайы эсептедим, 2 саатта Ош-Эркечтам жолунан 84 фура өттү. А калган 22 саатта дагы канча фура өтөт? Ал жүктөр кайда барат? Ош менен Кара-Сууну күндө өткөн анча жүк тебелеп кетпейби? Азыр жанталашып Эркечтамды ачканында чоң мандем жатат.

Жолдош Турдубаев: Айсулуу, милициябыз мыкты эмес, арасында чириктери кыйла. Бирок алар өмүрүн тобокелге салып кармап келген кылмышкерлерди сот актап же болор-болбос айып салып эле бошотуп жиберген учурлар өтө көп экенин да унутпайлы. А кечээк милиционерлерди милиция кызматкери болгону үчүн эле божомол (кызды ушунчага жеткирген, тийишкен ж.б. деп) менен айыптап жаткан жокпузбу?

Айсулуу Көкөева: Элдин калың катмары депутаттарды 1200 кой дешип, аны сүрөтколлаж кылып, сатириктер сахнаға алып чығышат. Бышы кулак болуп бүттүк да биз дагы. Заводдо бир хулиган бар эле илгери. Эки күндүн биринде милиция келип, таяктап, тарбиялап турчу. Анан бир күнү ошол милиция болуп ишке орношуп алыптыр.

Рахат Аманова: Милиционерлер деле байкуш, ар кимден токмок жеген. Алар деле бизди жамандыр-жакшыдыр коргоп келатышат. Кептин баары билимсиздикке жол ачкан, исламдын обу жок жайылышына жол берген, акырында жалпы кыргыз коомчулугун билиндирбей жикке бөлүп, кайраштырып коюп отурган төбөл сөрөйлөрдө да.

Булак: ruhesh.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: